Каап, курбуңдун сөздөрүнө ишенбегенимде...
Жаңы эле армиядан келип, окууга тапшырып жүргөм. Ал шаарда өскөн жөнөкөй кыз болчу.
Экөөбүз аялдамадан таанышканбыз. Ойго чөмүлүп олтурганда "Чоң жигит сиз кайсыл жакка кетесиз? Жолубуз бир болсо такси тосуп кетпейлиби? Маршрутканын келейин деген оюу жок го” деди. Эмне дээримди билбей “Макул, мен Баят базары жакка кетем”. Жолубуз бир экен, такси болсо бат эле келди.
О, жарыктык, акчамдын жогун үйгө жетип калганда эстедим.
Таксист "Сиздерден 250 сом" деп мени көздөй карады. Калп эле чөнтөгүмдү аңтарымыш болуп калдым. Аңгыча берки кыз 500 сом сунуп “алып коёсузбу байке” деди.
Таксиден түштүк, тааныштык. Аты Нурзада, кайсы бир университетте 2-курстун студенти экен. Номерин алдым.
Үйгө барып эле “Нурзада мени кечирип койчу. Эмкиде таксиге мен төлөйм” деп смс жаздым. Жооп келген жок.
Арадан он күн өткөндө смс келди “Кандайсың? Мен бүгүн бош болчумун, жолуга аласыңбы?”.
Жолуктук. Басканды жакшы көрөт экен, парк аралап эле басып жүрдүк. Ошондон кийин күндө сүйлөшөбүз, телефондун жаны тынбайт.
Мен болсо окууга тапшырып коюп, жумушка орноштум.
Сүйлөшүп жүргөнүбүздүн 1 жылдыгын жана анын туулган күнүн бирге белгилемекпиз. Гүлдесте, алтын чынжырча алып алып бардым. Курбулары, достору дагы келди. Кайсыл тарапка баспайын Нурзаданын курбусу Айымжандын көздөрү мени ээрчип алды. “Нурзада жигитиң менен бир бийлеп алайын, капа болбойсуңбу?”- деп мага кайра-кайра жабышты. Туулган күн соңуна чыгып, үйүнө жеткирдим. Кичине таарынып калды.
Бир күнү курбусу чалып “Замир, Нурзада менен сүйлөшпөй эле кой, көзү начар көрөт. Кийин балалуу болсо такыр көрбөй калышы мүмкүн экен. Мен чын айтып жатам. Ишенбесең өзүнөн сура. Андан көрө башка көзү жакшы көргөн кыз тап. Мисалы, мен...”- деп каткырып күлүп, Нурзаданын мурунку жигити жөнүндө бир нерселерди айтып берди.
Мурункудай чалбай, жазбай калдым. "Кийин чындап эле көрбөй калса эмне болот, кеч боло электе токтотсомбу? Бирок мен аны жакшы көрөмго. Мурунку жигити менен болгон мамилесин эмнеге менден жашырды экен?" деген ойлор башымдан кетпей койду.
Бара-бара андан такыр эле алыстадым. Ал болсо чалып, смс жазып, кээде жумуш жакка издеп келип жүрдү. Сагынсам да, мерездендим.
Жарым жылдан кийин азыркы жубайым менен таанышып, бат эле үйлөнүп алдым. Муну уккан Нурзада ыйлап эжеме, досторума чалып, ооруканага да жатып чыгыптыр.
Азыр туугандан чыккам. Себеби аялым ажаан. Үйүмдө жылуулук жок. Жумуштан кийинки ысык тамак, таза үй түшүмө да кирбейт. Качан келбейин чачылып жатат. Урушкандан пайда чыкпайт.
Эжем “Нурзаданы ыйлатпай ошону алышың керек болчу. Тигине турмушка чыгып жакшынакай эле кыздуу болуп, көзү көрүп эле жашап жүрөт. Мурун жигити болсо эмне болуптур. Сенин деле кыздарың бар эле го”, - деп тилдейт.
Мага чала болот. Көзү чала көрөт деп, чанып койгонумду кара. Анан да курбуңдун жалган сөздөрүнө ишенип, сенден эмнеге алыстадым экен. Мени кечирип койчу! Мен жаңылдым.