Кайын энем кайын атамын байпагын жуудурат. Шаардык келиндин баяны
Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
Бул жолку чыгарылышында айыл турмушуна көнө албай жаткан жаш келиндин каты баяндалат.
"Кирди колго жуу дейт"
Турмушка чыкканыма аз болду. Өзүм шаарда өскөн кызмын.
Менде баары сонун. Күйөөм мыкты адам. Соода фирмаларынын биринде иштейт. Жакында отпуска алды. Менин да окуум аяктап, айылга кайын журтума келдик.
Кайын энем 70ке чыгып калган. Кылык-жоруктары ачуумду келтирет. Сыр билдирбегенге аракет кылам.
Кир жуучу машина чала жууп коет деп, кирди колго жуудурат. Мен буга көнгөн эмесмин!
Мына, кечээ эле күйөөмдүн кийимдерин жууп жатсам, кайын атамдын байпагын алып келип, "кирлерге кошуп жууп кой",-деп таштап кетип калды. Көөнүм айнып чыкты. Унчуккан жокмун.
Билем, кайын энемди оңдоп же өзгөртө албайм. Бирок бул кылыктарына кантип маани бербей койсом болот. Мага кеңеш бериңизчи.
Адис кеңеш берет
Психолог Тамара Воронцова жаш келинге кайын энесин өзгөртө албаарын, жеке пикирлери менен өз алдынча жасайм деген сунуштары бир гана чыр-чатактарды пайда кылаарын айтты:
- Сиз түбөлүк айылда калбайсыз, жакында кетет экенсиз, андыктан бир аз чыдап коюңуз. Актриса экениңизди, кайын энеңиз менен болгон жашооңузду бир камера тартып жатканын элестетиңиз. Балким, ал бир комедия болот? Ар бир жагдайдан күлкүлүү бир нерсе табыңыз.
Күйөөңүздү ынандырып, калган эс алуу күндөрүңөрдү Ысык-Көлдө же башка бир өлкөдө өткөрөлү деп айтып көрүңүз.
Ийкемдүү болуңуз, дипломатиянын, конфликтологиянын жана албетте, актердук чеберчиликтин негиздерин окуп үйрөнүңүз. Мисалы, аларга ачуу чындыкты айткыңыз келет, бирок ролуңуз жакшы адамдыкы дейли. Актерлер ролуна сүңгүп кире алат, муну менен бардык нерсени жакшы жагына чечкенге үйрөнөсүз. Анан баары бактылуу болот!
21-кылымда, жаңы турмуш курган жаш жубайлар өз алдынча жашаганы оң. Мындай жол менен, үй-бүлөнү жана туугандар менен болгон жакшы мамилени сактап калуу мүмкүн. Ата-эне күчтөн тайган, улгайган же ооруп калган болсо, салтты сактап чогуу жашаса болот.
Акылдуу келин болуңуз! Керектүү жерде сүйлөп, керектүү жерде унчукпай калуу, туугандар менен тил табыша билүү жөндөмдүүлүгү - бактылуу үй-бүлөлүк жашоонун сырларын бири болуп саналат!
80 деги чалдын носкисин жууса не болот колуна жабышып калабы 70теги кемпири да бираз эс алсын да аз калган омурундо. Муну айтса келин не кулбу дейсинер кул эмес бирок кызмат кылып койсо андан кичирейип же олуп калбайт чыгар
Сиздин проблеманыз аз сандуу уй-булодо жашап, эгоистик-эгоцентристтик тар чойродо чоноюп калгандыгынызда. Азыр кругозору тар жаштардын кобу ушундай, себеби адабий классикалык чыгармаларды окушпайт, дунуйо таануу, гумандуулук, нукура кыргыз ыймандуулугу жонундо тушунуктору аз. Кыскасын айтканда колуна жугуп же колун сынып калбайт. Кайгата-кайненендин ыраазычылыгын, батасын алсан жакшы болот. Туугандарына(озундун кана торкунуно эмес), жакындарына, элине, мамлекетине колундан келишинче ак-ниет жакшылык кылууга уйронмоюнчо крыса боюнча каласын, президент болсон дагы. Ийгилик каалайм.
Анын эменеси бар экен,менин кайын энем да 70 те,уйдогулордун баарынын ич кийиминен бери жууйм 3 жылдан бери,эч нерсе болгон жокмун шугур