// //

Кой сое албай кайын журтуна шылдың болгон күйөө баланын баяны

2019.06.25, 18:33
3846

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Бул жолку чыгарылышта, кой сое албай кайын журтуна шылдың болгон жигиттин окуясы баяндалат.  

Ильяс (аты өзгөртүлдү), 23 жашта

Жакында сүйүктүүм экөөбүз баш коштук. Балээнин баары кайын журтумун үйүнө барганда башталды.

Өзүм шаарда турам. Айыл турмушу жөнүндө кабарым жок. Ата-энем чет жакта жашайт. Жалгыз эжем бар. Ал дагы сыртта.

Кайын журтум айылда. Аларга качан барбайын, кара жумушчуга айланам. Эң көп уккан сөздөрүм: “Таштандыны төгүп кел”, “Отундарды жарып, от жак”, “Ай, сени күйөө бала деп коет” ж.б.

Чынын айтайын мунун баарын өмүрү кылып көргөн эмесмин. Мына, кечээ эле кой сое албаарымды угушуп, шылдыңдап күлүштү.

Кээде, кайын энем менен атам келинчегиме, “башкага эле турмушка чыксаң болмок”, -деп айтып жаткандарын кулагым чалып калат. Билем, ак кол күйөө баламын.

Алардыкына баргым келбейт. Жубайымды сүйгөнүм үчүн гана чыдап жүрөм. Күйөө бала булардын баарын кылышы керекпи? Деги эле кандай кылсам болот? Кеңешиңерге муктажмын.

Адистер эмне дейт

Тамара Воронцова, психолог

Элдерде бир өзгөчөлүк бар –  туура эмес бир нерсе кылган кимдир бирөөнү шылдыңдоо, мисалы, кыргызча туура эмес сүйлөсө, акценти болсо, алар кыла алганды жасай албаса ж.б дегендей. Өз балаңдай көрүп, сабырдуулук менен, мактап, дем күч берип үйрөтүп койсо болобу? Тилекке каршы, ата-энелерди өзгөртүү мүмкүн эмес! Жылдар өтөт, бирок сиз балдарыңызга мындай мамиле кылбаңыз! Акылдуу болуңуз!

Эрнест Хемингуэйдин (жазуучу) айтымында – эркек баарын жасоого тийиш: нан бышырып, бала ороп, курал атып. Бул туура! Мүмкүнчүлүктөргө карап бар болгон нерсенин баарын үйрөнө бериңиз – кийин сөзсүз кереги тиет, балаңызга үйрөтөсүз.

Бир нерсени жасоону каалабасаңыз, анда компромисс табыңыз, мисалы, кой сое ала турган досуңузду же кошунаңызды чакырыңыз. Бул келиндерге да тиешелүү.

Жасай албайсыңарбы – альтернатива, компромисс тапкыла!

Биз, биринчи кезекте менталитет, каада-салттар колдоого алынган өлкөдө жашайбыз. Менин оюмча, сиз, балдарыңыз чоңойгондо да, салттарыбыздын кайсы бир бөлүктөрүн сактап, колдоносуз. Чет жакка кетсеңиз, ал өлкөнүн каада- салттарынын бир бөлүгүн кабыл аласыз.

Бир топ куракка барып калса да, акылмандыкка, боорукердикке жана чыдамдуулукка үйрөнбөгөн ата-энеси бар жаштарга боорум ооруйт.  

Сизге айтаарым, зарыл болгон бардык нерсени үйрөнүп, өзүңүз менен сыймыктаныңыз. Биринчиден бул нерсенин баары өзүңүз үчүн керектүү болуп саналат!

Рита Карасартова, укук коргоочу

Мыйзамда тең укуктуулук белгиленген. Ар бир адам тандоого укугу бар. Ал эми кайын журтка кызмат кылуу мыйзамда милдеттендирилген эмес, бул биздин каада-салтыбыз. Кызмат кылбайм десеңиз, кийин кайра так ушундай мамилеге күбө болуп калышыңыз мүмкүн. Чечим өз колуңузда!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт