// //

Кыздар менен такыр сүйлөшө албайм. Психолог кеңеш берет

2019.06.25, 15:58
1445

Мен кыздар менен такыр сүйлөшө албайм. Аябай жакшы таанышым болуп эле сүйлөшпөсөм, башкалар менен тил табышуудан кыйналам. Жашым 30га жакындады, ошонун айынан үйлөнө албай да жүрөм. Кеңеш бериңизчи, китеп окуш керекпи, же тренингдерге барсамбы?

Ушундай каты менен Bilesinbi.kg’ге окурман кайрылган. Ага жардам берүү үчүн психолог Жакшылык Жыргалбековго кайрылып, бир катар пайдалуу кеңештерди алдык.

Уялуунун түбүндө ар дайым адамдар менен сүйлөшүүго, баарлашууга болгон коркуу сезими жатат. Психологиянын тилинде бул - социофобия деп аталат.

Коркуу сезимин жеңүү үчүн:

  1. Өзүңүзгө позитивдүү дем бериңиз

Мисалы сиз: “Тааныш эмес адамдар менен сүйлөшө албайм”, - деп ойлоносуз. Анын ордуна “Мен тааныш эмес адамдар менен эркин сүйлөшө алам” – деген сөздү ичиңизден кайталаңыз.

  1. Өзүңүздү бош кое бериңиз

Маал-маалы менен медитация кылууга аракет кылыңыз. Бул чыңалууну жазып, негативдүү ойлордон арылууга жардам берет. Интернетте майда-чүйдөсүнө чейин, ар бир кадамын жиликтеп, түшүндүргөн медитациялык техникалардын, аудиотранстардын түрлөрү көп. Өзүңүзгө жакканын тандап алып, жасап көрүңүз.

  1. “Бир нерседен корксоң – алгач ошондон башта!”

Өзүңүзгө ушундай девиз коюп алып, ар дайым ыңгайлуу чөйрөдөн (комфорттуу зонадан), көнүмүш адаттан чыкканга аракет кылыңыз. Бул ыкма чечкиндүүлүктү машыктырат. Кыздар менен таанышкандан коркосузбу, демек тартынбай туруп, көчөдөн кетип бараткан кыздар менен таанышып көрүңүз.

Дароо ишке ашыргандан коркуп жатсаңыз, алгач кандай боло турганын элестетип көрүңүз. Андан кийин оюңуздагыны ишке ашырыңыз.

  1. Өзүңдү кабыл ал! Өзүңдү жакшы көр!

Социофобияны жеңип чыгүүнүн башкы куралы, өзүңдү жана айланадагыларды ушу бойдон кабыл алганды үйрөнүү. Айрым учурларда адамдар өзүнүн мүнөзүндөгү терс жактарын айланасындагы адамдарга тийиштүү деген ойдо болот.

Спорт менен машыга баштаңыз, зыян адаттарыңыздан арылыңыз, жан дүйнөңүзгө жакын хобби табыңыз, көбүрөөк сейилдеп, көбүрөөк саякаттаңыз. Ошондо өзүңүзгө жана айланадагыларга карата жагымдуу эмоциялар калыптана баштайт.

  1. Адис менен иштеңиз

Учурда социофобиянын симптомдорун жоюучу тренингдер жана психологиялык техникалар абдан көп. Бирок алардын баары убактылуу гана эффект беришет.

Адис менен иштөө – эффективдүү ыкмалардын катарына кирет, жана башка методдор жардам бербегенде милдеттүү түрдө жасап көрүү керек. Адис коркуу сезиминин себебин аныктап, аны жок кылууга жардам берет, акырындык менен фобия толугу менен жоюлат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт