Агрессивдүү болуп күйөөмө атырылып атам. Психологдун кеңеши
Жолдошума болгон сезимим, жоголуп баратат. Көңүлүмдү көтөрсө жакшы болуп калам, урушса эле агрессивдлүү болуп, кайра атырылам. Азыр кайын эжем, күйөөсү төрт баласы менен биздикинде. Аларды көрөйүн деген көзүм жок. Өзүбүздүн балдарыбыз жок. Боюма да бүтпөй атат. Күйөөгө тийгениме төрт ай болду. Өткөндө көк беттенип жатып, күйөөмдөн таяк жедим. Ал мага жакшы эле эскерткен, шишиң толду шашпа, депчи. Ушинте берсе сүйүүсү өчүп калат го. Менден кетип калбаса экен дейм. Жакшы эле кыжырданбайын дейм, тилим чыгып, баарын айтып салып жатам.
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Бизге суроо бергениңиз үчүн рахмат. Жазганыңызга караганда күйөөңүз бирге үй-бүлө курууга, сизди түшүнүүгө аракет кылган мырза окшойт.
Сиздин катыңызды окуп, күйөөңүз менен сүйлөшүү сиз үчүн кыйынга тургандай сезилди. Анын маанайы жакшы болсо сүйлөшөсүз, көңүлү жок болсо агрессивдүү боло түшөсүз. Айрым учурда кол көтөргөнгө да жетет экен. Туугандарыңыр сиз менен бирге жашаганы, кырдаалады ого бетер курчутуп жатат.
Сиз өзүңүздү ар дайым экинчи планга коюп келет окшойсуз. Өзүңүздүн каалоолоруңуз тууралуу ачык айтпайсыз. Мунун баары чогулуп отуруп, бир күнү вулкан сымал жарылып жатасыз.
Сизге айта турган жакшы жаңылыгым бар. Силердин үй-бүлөлүк жашооңор жаңыдан гана калыптанып келатат. Ошондуктан өзүңүз каалаган мамиле моделин түзө аласыз.
Кичинеден жеке каалоолоруңузду күйөөңүз менен бөлүшүңүз. Аз-аздан баштаңыз. Балким, үйдөгү майда жумуш боюнча жардам берүүсүн же кечкисин массаж жасап берүүсүн суранасыз. Анын аракет кылганы үчүн сөзсүз ыраазычылык билдириңиз. Көбүрөөк мактаңыз, өзгөчө туугандардын көзүнчө. Ошондо сиздин да баалуулугуңуз, баркыңыз көтөрүлөт.
Үй-бүлөдөгү эң көп кайталана турган жаңылыштык бул - аялы таарынычын жылдап топтой берип, бир күндө жарылганы.
Үй-бүлөлүк жашоодо бири-бириңерге болгон нааразычылыктарды дароо, айтып, маселени дароо чечкен туура.
Сизге бакыт каалайм!