Жолдошум мага көңүл бөлбөйт, ошонун айынан урушабыз. Психолог кеңеш берет
Кудайга шүгүр, апам, туугандарым, күйөөм бар. Бирок ар дайым мага эч ким көңүл бурбай койгондой болуп, өзүмдү жалгыз сезе берем. Жолдошум менен да ушунун айынан көп урушабыз. “Сен мага көңүл бөлбөй жатасың”, - деп айтам. Таарыныша кетсек эле, кайын сиңди, абысын, жеңемдер менен такыр сүйлөшпөй коем. Өзүмө чөгүп кетем.
Бирок, мени менен сүйлөшүп жылуу мамиле кылышын аябай күтөм. Эмнеге мындай билбейм. Ушул адатымды кантип калтырсам болот? Же атам жок болгондуктан ушундай болуп калганмынбы?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күнүңүз менен!
Сиз үй-бүлө күтүп, чоң киши болгонуңуз менен сиздин позицияңыз кичине баланыкындай экен. Башкалардан мээримди, жылуулукту, биринчи кадам жасаарын күткөнүңүз, элдин баарына таарынганыңыз эмоционалдык жактан жетиле элек экендигиңизди көрсөтүп турат.
Албетте, ар бир адам үчүн жакындардын көңүл бөлүүсү маанилүү. Бул жерде тең салмактуулук керек. Сиз адамдардын көңүл бөлүүсүнө, жылуу мамилесине муктажсызбы, ошол эле учурда өзүңүз да башкаларга кам көрүп, мээримиңизди төгүүгө даяр болушуңуз керек.
Сиз болсо 100% жоопкерчиликти айланадагыларга оодарып коюп, жылуу мамиле сырттан гана келип туруш керек деп күтөсүз. Бирок алгандын бергени бар.
Алгач өзүңүздүн жашооңуз үчүн жоопкерчиликти мойнуңузга алыңыз. Үй-бүлөңүздүн көңүл бөлүүсү керекпи, аларга да көңүл бөлүңүз. Жагымдуу нерселерди, белектерди жасаңыз, көңүлүн алыңыз. Акырындык менен көнө баштайсыз, жакындарыңыз да сизге тартылат.
Тең салмактуулукту эсиңизден чыгарбаңыз.
Бактылуу болуңуз!