Уул тарбиялап жаткан ар бир эне буларды билүүгө милдеттүү
Психолог Карлыгаш Акимкулова уул тарбиялап жаткан энелер биринчи кезекте эмнелерге көңүл бөлүшү керек экенин Bilesinbi.kg сайтына айтып берди.
Уул баланын апасы болуу бул өзгөчө сезим, бир чети бакыт, бир чети жооперчилик. Уул менен кызга тарбия берүү айырмаланабы? Албетте, айырмаланат! Кыздар апапларынан үлгу алышат, ал эми эркек балдар атасынан. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок аталар ар дайым эле балдарынын жанында боло бербейт. Жумушунан кеч бошойт, башка өлкөгө кеткен, же болбосо бирге жашашпайт. Мындай учурда апалар уулуна кандай тарбия бериши керек?
- Эч качан баланын атасы жөнүндө жаман сөз айтпаңыз. Бул анын намысына катуу тиет. Атасы менен мамилеңер аябай начар болсо дагы, баланын жеке сезимин ойлоңуз. Уулуңуз атасы жөнүндө кандай пикирде болот жана экөөнүн мамилеси кандай болот бул анын гана чечими. Себеби, анын атасын сиз тандагансыз, а бала өз атасын тандай албайт. Өзүңүздүн жек көрүүңүздү таңуулабаңыз.
- Апасы эч качан атанын ордун ээлей албайт. Ошондуктан аталык тарбия бере албайсыз. Себеби, сиз аялсыз. Сиздин максат аны өзүнө ишенген, эрктүү, эмгекти сүйгөн, айланадагылар менен мамиле курганды билген мырза кылып тарбиялоо.
- Бала кезинен өз алдынча чечим кабыл алганга мүмкүнчүлүк бериңиз, жана ал кабыл алган чечимин сыйлаңыз. Ооба, бул ыңгайсыз, ооба, сиз канткенде жакшыраак экенин билесиз. Тил алчаак, ыңгайлуу, айтканды жасаган бала, ээрчиме, айдатма, эрки жок болуп чоңоет. Ошондой эле уулуңуз кабыл алган чечими үчүн жоопкерчиликти да сезсин, каталарын көрүп, экинчи кайталабаганга же оңдогонго үйрөнсүн.
- Атасынын берген тарбиясын сыйлаңыз, кийлигишпеңиз. Ар дайым атасын сындап, жамандай берсеңиз, эркек баланын өзүнө болгон ишеними жоголот.
- Апасы өзүнүн тарбиясы жүрүм-туруму менен эркектер кандай болушу керек экенин үйрөтө албайт. Бирок, апасы аны чексиз сүйгөн, сыйлаган, жана ар дайым колдоо көрсөткөн аял кандай болушу керек экенин көрсөтө алат. Эркек балдар чоңойгондо энесине окшош кызды тандайт эмеспи.
Кыздары бар ар бир ата буларды билиш керек макаласын бул жерден окусаңыз болот.
Балдарды кантип ойнотуу керек. Психологдон 10 кеңеш. Бул жерден окуңуз.