// //

Балдарды кантип ойнотуу керек? Психологдон 10 кеңеш

2019.06.19, 18:04
5100

Рене Джейн атактуу психолог. Адамдын инсан катары өсүү жана стресске туруктуулугун арттыруу жагынан эксперт. Bilesinbi.kg’нин пикири боюнча анын бир катар кеңештери  кызыктуу, ошол эле учурда аткарууга оңой экен. Бул оюндар балдарыңар менен убакытты шайыр өткөрүүгө жардам берет.

  1. Секиребиз! Балдарыңар менен “ким бийик, бат, кечке секирет”, деген конкурс уюштурсаңыз болот. Секирүү ичтеги букту чыгаруунун эң сонун жана жөнөкөй жолу.
  2. Чуркайбыз же жарышабыз! Чуркоо стрессти кыйла төмөндөтө турганы илимий жактан далилденген. 10 мүнөт балдарыңар менен бирге чуркасаңар сиздин жана балаңыздын стресске туруктуулугуңар бир нече саатка узарат.
  3. Велосипед. Велосипед муундарга ашыкча күч келтирбейт, тең салмактуулукту сактоого үйрөтөт жана маанайды көтөрөт! Бирге велосипед тебүунү салт кылып алыңыз!
  4. Музака угабыз, ырдайбыз. Музыка адамдын көңүлүнө чоң таасирин тийгизет. Өзүңүзгө жана балаңызга жакканын бирге тандаңыз. Ырдын сөздөрүн жаттап алып ырдагыла. Келтире албай туура эмес ырдап жатсаңыз деле мейли, башкысы маанай. Ырдоо бактылуулук сезимин тартуулаган эндорфин гормонун иштеп чыгуусуна жардам берет.
  5. Бийлейбиз! Музыка угууну, ырдоону бий менен коштоңуз. Оң таасирир айтпаса деле түшүнүктүү.
  6. Самын көбүк (мыльные пузыри). Балдар аны аябай жакшы көрүшөт, жана автоматтык түрдө маанайы көтөрүлөт. Самын көбүгүн үйлөөгөндө бала туура дем алганды жана өзүнүн дем алуусун башкарганды (демек маанайын дагы) үйрөнөт. Же болбосо өзүңүз үйлөңүз, балдар көбүктөрдү кармап ойношсун.
  7. Сүрөт тартабыз. Сүрөт тартуу бир нерсеге концентрация болууга, кунт коюп кароого, байкоого, чыдамкайлыкка үйрөтөт. Стресске туруктуулукту арттырат. Карандаш, боек, кагаз алып бирге сүрөт тартыңыз.
  8. Визуализация. Журнал жана гезиттердеги сүрөттөрдү кесип алып, өзүңөрдүн кыялдарыңардын коллажын жасагыла. Кандай үйлүү болгуңар келет, кайсы өлкөгө саякаттоону каалайсыңар, балаңыз кандай велосипед же оюнчукту көптөн бери суранат, келечекте ким болгусу келет ж.б. Бул абдан кызыктуу процесс. Балаңыз тууралуу көп жаңы нерселерди билесиз, күтүүсүз ачылыштарды жасайсыз. Коллажды улам толуктап турса болот.
  9. Ыраазычылык билдиребиз. Бул жазганды билген балдарга ылайыктуу. Атайын ыраазычылык жаза турган күндөлүк ачып бериңиз. Күндө аны менен болгон жакшы окуяларды жана ыраазычылыгын жазсын. Ден соолугуна, атасы, апасы бар болгонуна, экзамендерин жакшы тапшырып алганына, жайкы каникулдун келгенине, жаандын жааганына же күндүн тийгенине, айтор бардык жакшы бирок биз күнүмдүк жашоодо маани бербеген нерселер үчүн ыраазычылык айтуу, жазуу керек. 
  10. Бирге нан жасагыла. Камыр жууруп, ташып бараткан камырды кайтарып, анын бышып, кызарып жатканын кароо балага абдан кызык. “Тийбе!”, “ары тур” дегендин ордуна “экөөбүз бирге жасайбыз”, “жардам берчи”, “калганын сен жаса” деп айтуу керек. Көрөсүз, балаңыз бул сунушту кубануу менен кабыл алат. Камыр менен иштөө баланын майда моторикасын өнүктүрүп, мээсинин активдүү иштешине шарт түзөт.

Эсиңизде болсун, айланадагыларга өзүңүздүн мамилеңизди өзгөрткөндө гана сиздин жашооңуз өзгөрөт.

Маалымат бул жерден алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт