Байлыгын өткөрүп берүү үчүн документти толтуруп бер деп жатат. Ишенсе болобу?
2019.06.20, 13:40
973
Саламатсызбы, мага Франциядан Вероника Санчез деген бир аялдын атынан чалып жатам, ал ооруп, жакында дүйно салат, өзүнүн байлыгын өткөрүп берүу үчүн киши издеп жаткан бирөо чалды. Кыргызстандан мени тандаптыр. Бир документти толтуруп, кол коюп жөнөтүп жибер дейт. Сизден эч нерсе кереги жок, болгону кол коюп бер деп жатат. Канчалык деңгээлде ишенсе болот буга?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.06.2019, 13:44
Ширин Алмазова
Адвокат
Саламатчылык! Сиз жөнөткөн документти жана кат алышууңузду окуп чыктым. Менин жеке пикирим бул адамдарды алдоонун классикалык схемасы. Эч кандай жеке маалыматтарыңызды жибербеңиз.
Логикалык жактан деле ойлонуп көрсөңүз, сизди тааныбаган адам эмнеге акча жөнөтмөк эле?
Акысыз эч нерсе болбойт!
0
Пайдалуу жооп