Үйлөнүүгө кайсыл убак (жаш) нормалдуу? Психолог кеңеш берет
2019.06.20, 13:14
1748
Саламатсызбы. Мага кеңеш берип коюңузчу. Үйлөнүүгө кайсы жаш курак нормалдуу болуп саналат?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.06.2019, 13:15
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык! Үйлөнүү маселеси ар дайым индивидуалдуу түрдө чечилүүчү суроо болуп саналат. Үйлөнүүгө даяр экениңизди аныктоочу бир нече критерийлерге көңүл буруу керек:
- Өзүңүз баамдап жана өзүңүз каалайсыз. Мен чындап өзүм үйлөнгүм келип жатабы же ата-энем шашатырып жатабы/досторумдун бардыгы үйлөнүп мен эле калдым, деген ойлор тезирээк чечим кабыл алууну талап кылуудабы? Ушуну так айырмалап, түшүнүп алуу керек. Эгер ата-энеңиз эртелет, деп жатса анда күтө турган оң.
- Сүйүктүүңүз бар. Жана ортодогу мамиледе ич ара түшүнүшүү, бири-бириңерге ишеним артуу орун алган.
- Финансылык туруктуулук. Үй-бүлө – бул биринчи кезекте чыгашалар, балалуу болгондо андан бетер. Кайда жашайсыңар? Сиз тапкан акча тамак ашка жана башка керектөолөргө жетеби?
- Жоопкерчилик. Үй-бүлөңүздү багууга жана коргоого, анын тиричилиги үчун жоопкерчиликти толугу менен моюнга алууга даярсызбы?
Бүгүнкү күндө үйлөнүү жаш курагы бир аз жылган. Көпчүлүгү 25-30га чыкканда баш кошуп жатышат.
Эгер жогоруда айтылган пунктардын бардыгы боюнча даярмын деп жооп берсеңиз, анда, ийгилик каалайм.
Бактылуу болуңуз!
0
Пайдалуу жооп