Кайын атама телефон чалууга милдеттүүмүнбү? Жаш келиндин окуясы
Bilesinbi.kg сайты окурмандардын суроолоруна анонимдүулүктү сактап эксперттерден жооп алып берет.
Турмушка чыкканына бир жыл болгон Мээрим, үй-бүлөлүк жашоосуна нааразы экенин жазды.
Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Мен аны эрктүү, чечкиндүү мырза деп ойлогом. Көрсө жаңылыпмын.
Бирге түтүн булатканыбызга бир жыл болду. Азыр ажырашкым келип турат. Мен иштеп тапкан айлыгымды кайын журтума берем. Жолдошум ага унчукпайт. Өзү иштебейт, үйдө. Ошондуктан мага акча бермек тургай кайра менден алат.
Башка шаарда иштейм. Кээде жол киреме, тамак ашыма тыйыным жок, отуруп калам. Өзүмдүн ата-энем, керегиңе жаратып ал деп, кайра мага акча беришет.
Андан сырткары кайын энем шылтоо таап эле мени урушуп, күйөөм экөөбүздү кагыштыра берет. Акыркысында телефон чалып койбойсуң, деп чыр салды. Мен эмне кайын атама телефон чалганга милдеттүүмүнбү? Акчамды бергеним аз келгенсип, эми барына бирден телефон чалышым керекпи?
Бир жылда ушунчалык көңүлүм калды. Стресс болгонуман боюма да бүтпөй жатат окшойт.
Асель Баимбетова, психолог
Сиздин турмушка чыкканыңызга бир жыл болуптур. Негизи үйлөнгөндөр бир жылдан кийин бири-бирин жакшы билип, мурда байкалбаган кылык-жоруктарын, адаттарын көрүп нааразы боло башташат. Бир жылдан кийин мамиледе кризис башталып, адамда “туура кадам кылдымбы”, “ушул адамды тандап жаңылышкан жокмунбу”, - деген ойлор пайда болот.
Ошондой эле, сиз жаңы эле турмушка чыгып, ал үй-бүлөдөгү чоң милдеттердин бирин өз мойнуңузга алып, аларга акча салат экенсиз. Баш кошконго чейин алардын үй-бүлөсүндө шарттары, салттары, ич ара мамилелери кандай экенин билчү белеңиз? Жаңы үй-бүлөгө кошулуу, көнүп кетүү оңой эмес. Ал жактагы эрежелер кандай экенин билбегенде эки эсе оор.
Сиздин катыңыздан жолдошуңузга болгон мамилеңиз жана сезимдериңиз тууралуу эч нерсе окуй алган жокмун. Ал мурда иштечү беле?
Сиз аябай чарчагандай сезилип турат. Бирок, бул ажыраша турган себеп эмес деген пикирдемин. Чарчагандыктан жалаң негативди көрүп жатасыз. Жолдошунуз менен ачык сүйлөшүп көрүңүз. Мүмкүнчүлүк болсо отпуск алып эс алыңыз. Болбосо психологго кайрылып көрүңүз.
Лариса Илебезова, гендер боюнча эксперт
Акча каражатын тартып алуу, негизги муктаждыктарга каражат бөлүп бербөө - булар мыйзам боюнча экономикалык зомбулук болуп саналат.
Бирок, сиздин учурда, кайын журтуңуз акчаңызды тартып алган жок да туурабы? Сиз аларга өз эркиңиз менен берип жатасыз. Демек бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок.
Бул маселени чечүү үчүн 3 жолуңуз бар:
- Бардыгына чыдоо, моюн сунуу, ошо бойдон калтыруу.
- Күйөөңүзгө жана кайын журтуңузга ачык айтып, сүйлөшүп алуу. “Менин айлыгым “мынча” сом, анын бир бөлүгүн силердин тамак ашыңарга, кийим кечеңерге, коммуналдык төлөмдөргө ж.б. бөлүп берүүгө даярмын. Калганын өзүмдүн керектөөлөрүмө калтырам. Ошондуктан бардыгын бербейм” - деп.
- Айлыгыңыздын канча экенин так айтпайсыз. Кыргызстандагы айымдардын жана эркектердин басымдуу бөлүгү айлыгынын канча экенин үй-бүлө мүчөлөрүнө так айтпай жашырышат. Акчанын жарымын айтып, болгону ушунча таптым дейсиз да калганын жеке керектөөлөрүңүзгө жумшайсыз.
Бул суроону эртелеп чечиңиз, болбосо таарынычтарга, нааразычылыктарга акыры конфликтерге алып келет.
Бактылуу болуңуз! Ийгилик каалайм!