Варикоцелеге операция жасаткам, бирок кан тамырлар кайра кеңейип кетти
Мен 17 жаштамын. Март айында варикоцеле оорусуна байланыштуу операция болгом. Башында бардыгы жакшы эле болчу, бирок 10 күндөн кийин кан тамырлар кайра кеңейип кеткенин байкадым. Хирургдан сурасам өтүп кетет деп койду. Андан бери 2,5 ай болду, кан тамырлар операцияга чейинкиден да жаман болуп калды. Эмне, кайра операция жасатышым керекпи?
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог
Саламатсызбы. Менин сизге бир суроом бар: сизге жасалган операция кайсы ыкма менен жасалды, Иванисевич жа Мармара?
Иванисевич ыкмасы менен жасалган болсо калтанын сол тарабы 2-3 см узундукта кесилет. Эгер Мармара менен жасалса жыныс мүчөнүн өйдө жагы 1 см узундукта кесилет.
Иванисевич ыкмасында рецидив (оорунун кайра кайтып келүүсү) болуу коркунучу 20-30%ды түзөт. Мармара ыкмасында 8-10%.
Дагы бир жолу калта органдарын УЗИге тарттырып көрүңүз. Эгер рецидив болгону тастыкталса, тилекке каршы дагы бир жолу операция жасатууга туура келет.
Бул сиздин хирург операцияны начар жасады дегендик эмес, болгону мындай коркунуч башынан эле бар болчу.
Ден соолукта болуңуз!