// //

Феминизм деген эмне жана анын кимге кереги бар?

2019.06.17, 12:05
6158

Bilesinbi.kg феминизм деген эмне, анын кимге кереги бар деген суроолорго жоопту Демократиялык процесстерди изилдөө борбору коомдук фондунун төрайымы Лариса Илибезовадан алды.

Феминизм – бул бардык чөйрөдө аялдардын укуктары эркектер менен бирдей болуусун талап кылган кыймыл. Анын пайда болгонуна бир кылымдан ашык убакыт өттү. Бул багыт алгач Европа өлкөлөрүндө жана  Америкада пайда болгон.

Мурда кыргыздарда феминисттик кыймыл болгон беле?

Кыргызстанда феминисттик кыймыл болгон эмес. Бүгүнкү күндөгү кыргыз аялдарынын укуктары бизге Советтер Союзунун орношу менен “топтом” болуп келген. Ошондо аялдар билим алууга, иштөөгө, иштегендиги үчүн акы алууга, шайлоодо добуш берүүгө жана шайланууга, өз тандоосу менен баш кошууга жана ажырашууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Ошондой эле СССР маалында квота системасына өзгөчө көңүл бөлүнүп жергиликтүү кеңештерде аялдардын катышуусунун пайызы ар дайым 40%дан жогору болуп келген.

Феминизм бул аялдар эркектерди башкарат дегендикпи?

Жок. Феминизм – бул бардык адамдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүк, саясий, экономикалык жана жарандык укуктардын бирдей болушу.

Биз феминизм - демек өзүн аморалддуу алып жүргөн жылаңач аялдар деп элестетебиз. Мындай терс жана жагымсыз мамиле массалык маалымат каражаттары туура эмес маалымат бергенден улам калыптанып калган. Феминисттик кыймылдын аял затына берген мүмкүнчүлүктөрү жана укуктары абдан зор.

Мисалы шайлоого катышуу жана добуш берүү укугу үчүн америкалык айымдар XIX кылымдын соңуна чейин күрөшүп келишкен. 1920-жылы алгачкы жолу шайлоого катышышкан, ал эми британиялык айымдар 1928-жылы. Сауд Аравиянын кыз-келиндери бул укукту эң акыркылардын болуп алышты - 2015-жылы. (интернеттеги маалыматтан)

Феминисттердин бардыгы ЛГБТ коомчулугун колдойт, алар биздин жаштарды бузушат да?

Кыргызстандын жарандарынын бардыгы бирдей укукка ээ. Эгер алар мыйзам бузбаса, демек алар да билим алууга, иштөөгө жана арабызда жашоого укуктуу. Мыйзам алдында баарыбыз бирбиз.

Феминист аялдар үйдө отурбай эле иштеп жүрүшү керекпи?

Жок, ар бир аял эмне менен алектенет, жана жашоосун кандай жашагысы келет өзү чечиш керек. Көптөгөн кылымдар бою коом аялдардын башкы максаты күйөөгө тийүү жана балалуу болуу деп келген.  Бирок аял киши да ой жүгүртө алат, чыгарма жаза алат, музыка ойлоп таба алат, мамлекетти ийгиликтүү башкара алат, илимий ачылыштарды жасай алат. Демек, ал дагы иштеп, иштегени үчүн акчалай каражат алууга укуктуу.

Ар бир аял өзү чечиш керек: карьера жасагысы келеби же үйдө отуруп бала багып, ага тарбия бергиси келеби. Бул анын жеке каалоосу болуш керек. Эч кимдин ага өз оюн таңулоого акысы жок.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт