Кичинемде көп таяк жедим, азыр коркок, өз оюн айта албаган жанмын
Биринчи класска барарымда орус мектепте окуйм деп туугандарымдын үйүндө жашап калдым. Бирок оюмдагы жашоо болбой, ур-токмокко алынып, бала болсом да чоңдор жасай турган ишти аткарып жүрдүм. Биринчи классты бүтүп-бүтпөй үйүмө кетип калгам. Азыр 27 жаштамын, турмушка чыккам, иштебейм.
Бирок ошондон бери оюмду ачык айтуудан, бир нерсени туура эмес жасап алуудан корком. Коркконумдан денем да ооруп кетет. Чечкиндүү эмес, жалтак жанмын.
Булардан кантип арылсам болот?
Орус тилин ошо бойдон үйрөнгөн жокмун.
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатсызбы!
Бардыгыбыз балалыкты баштан кечиргенбиз. Ошондогу жаман көрүнүштөр жана эскерүүлөр чоңойгондо да эсибизде калып, жашообузга, мүнөзүбүзгө таасирин тийгизет.
Ал кезде сиз алсыз, кенедей бала элеңиз. Азыр 27 жашка чыктыңыз. Сизге мурункудай эч ким кол көтөрбөйт деп ишенгим келет. Ичиңиздеги кичинекей кызга эне болуп аны менен мээримдүү сүйлөшүп көрүңүз.
Биринчиден эч качан өзүңүздү-өзүңүз жемелебеңиз, урушпаңыз, сындабаңыз. Тескерисинче, мактап, колдоп туруңуз. Кенедей иш жасасаңар деле, “мен азаматмын, ырас бул ишти бүтүрдүм”, же “жасаган тамагым даамдуу болду” деген сыяктуу сөздөрдү айтыңыз.
Жасаган ишиңиз үчүн өзүңүзгө белек бериңиз. Мисалы, бал муздак алып жеңиз.
Денеңизде коркуу сезими пайда болгондо да өзүңүздү жоготпой, терең дем алып, башка нерсеге алаксыганга аракет кылыңыз.
Мүмкүнчүлүгүңүз болсо сөзсүз психологго кайрылыңыз!
Ийгилик!