// //

Эки жаштагы кызым сийем деп айтпайт, эмне кылышым керек?

2019.06.13, 10:02
1403

Саламатсызбы, эки жаштагы кызымды сийем деп айтканга үйрөтө албай койдум. Андан да кичине балам бар. Жүдөп кеттим, жардам бериңизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.06.2019, 10:03

Марина Романенко

Балдар психологу

Шашылуунун зарылчылыгы жок. Баланы кыйнап тосуп, урушуп, уяткарып, урбагыла. Бул жөн гана убара, текке кеткен убакыт жана нерв. Өзүнүн убактысы келгенде үйрөнүп алат.

Мен көпчүлүк кичинекей балдарды көргөм, “жүр мен сени тосоюн” же “горшокко отургузайын”, деген сөздү укканда эле каршылык көрсөтө башташат. Эмнеге? Себеби, ата-энелер көп ирет аны урушуп, кыйнап тосушкан.  

Бала 2-2,5 жашка чейин өзүнүн денесин толук башкарып үйрөнө элек. Бир аз чыдап туруш керек, андан кийин горшокко отуруш керек, же сийем деп айтыш керек экенин түшүнө элек. Биз алты айлык баланы “Эмнеге баспай жатасың, уят эмеспи, бул эми оңой эле да”, деп урушпайбыз да туурабы? Себеби убактысы келе элек, али эрте экенин билебиз.

0
Пайдалуу жооп
13.06.2019, 18:55

Менин кызым 2-жаштан оттуу эми озу кызыгып гаршокко отуруп атат,ар бир бала оз убактысы келгенде озуле кызыгып уйронуп алат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт