Бакчадан кызымдын көзү көгөрүп келди. Тарбиячыга кандай чара колдоно алам?
Үч жаштагы кызым менчик бакчага барат. Бир күнү көзү көгөрүп ортосу кесик болуп келди. Тарбиячысы конструктор ойноп жыгылды деп айтты. Милдетиңди аткарбай эмне кылып жүрдүң деп уруша кеттик. Ал кечирим суроонун ордуна, кызыңды алып кет, бул жака алып келбе деп жатат. Менин укуктарым кандай? Кандай чара колдонсом болот?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” укук коргоочу коомдук фонддун адиси, адвокат
РИИБге барып бакчанын жетекчилигине жана кызматкерлерине карата чара көрүүсүн суранып арыз жазууга толук акыңыз бар. Тергөөчү кызыңыз алган жаракаттарды медициналык жактан күбөлөндүрүү үчүн багыттама берет. Андан тышкары КРдин Билим берүү министрлигине да арыздануу жазууну сунуштайм.
Баланы бакчага калтырып жатканда бакчанын администрациясы жана кызматкерлери баланын өмүрү, ден соолугу үчүн жоопкерчиликти толугу менен алышат. Анын үстүнө сиздин балаңыз болгону үч жашта экен.
Бакча тараптан мындай мамиле кылганы алардын компетентүүлүгүнүн жоктугунан жана профессионал эмемс экенинен кабарлайт. Ошондуктан жоопко тартылууга тийиш.
Ал эми баланы башка эле бакчага которуңуз. Мындай көрүнүш кайрадан кайталана бериши мүмкүн.
Виктория Исакова
“Илим” билим берүү комплекси, Психологиялык колдоо борборунун жетекчиси, психолог
Кызыңызга кабатыр болуп жатканыңыз түшүнүктүү. Бирок балдардын бардыгы жыгылат, этин көгөртүп алат. Тарбиячыны күнөөлөгөн бир аз туура эмес. Кичинекей балдар ата-энесинин козүнчө деле жыгылып жарат алат.
Эгер бакчасын которгүңүз келбесе, анда тарбиячы менен мамилени оңдоо керек. Сиз бакчаны алмаштырган күндө деле, бардыгы башкача болуп калат деп айта албайм.
Бир жерин көгөртүп алганын жайдары кабыл алууга үйрөнүшүңүз керек. Сиздин кызыңыз чоңоет, алдыда ушунча көп сыноолор бар. Мектеп, өспүрүм курак... Бардыгына мындай реакция кылсаңыз ден соолугуңуз калбайт.
Ал эми тарбиячысы менен элдешүүгө даяр эмес болсоңуз, ага ишенбесеңиз, анда баланын бакчасын алмаштырган эле оң.