// //

Кайним качып кетели дейт. Айласы кеткен келиндин баяны

2019.06.10, 20:38
12975

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында кайниси тийишип жатканы баяндалат.  

Мас болуп келип, сүйүп калдым деп ырдады

Саламатсызбы! Мен 22демин, 5 ай мурун турмушка чыккам. Күйөөм 27 жашта, абдан боорукер жана жоош жигит. Азырынча кайын-журтум менен бирге турабыз.

Кайын-энемдер мени жакшы кабыл алышты. Бактылуумун! Болгону, кайним тажатып жиберди.

Ал менин теңтушум, студент, абдан “шустрый” жигит. Күйөөм жумушка кеткенде, мага көз кысат, жаныман чыкпайт. Чын-тамашасы аралаш ар кайсы сөздөрдү айтат. Мисалы, “качып кетпейлиби”, “байкем ажырашса, сизге үйлөнмөкмүн” ж.б.

Кокустан алдыман чыга калып, чачымды, колумду кармап, кучактай калат.

Кечээ мас болуп келип, “жеңемди сүйүп калдым” деген бир ырды ырдады. Күйөөмдөн уялганымды айтпа.

Аргам кетип, “дагы бир жолу кокустук деп, колуңду мага тийгизе турган болсоң, байкеңе айтам”, - десем, “сага ишенет деп ойлоп жатасыңбы”,-деди. Эмне кылсам болот? Күйөөмө, ата, апама кантип айтсам? Аны менен жалгыз калгандан корко баштадым.

Адистер эмне дейт 

Психолог Тамара Воронцованын айтымында жаш жубайлар туугандар же ата-энеси менен жашасын деген эскирген салттын жыйынтыгы ушундай болот.  

"Жаш жубайлар өзүнчө жашашы керек, болбосо алар эч качан толук кандуу үй-бүлө боло албайт!

Күйөөнүн туугандары келинге адаттан тыш биринчи аракет жасаганда эле, дароо токтотуу зарыл! Ошол замат айтуу керек, сиздин учурда азыр да кеч эмес.

"Эмне үчүн сен мага татыксыз жышаандарды көрсөтүп жатасың!" деп айтып, аларды санап бериңиз. Эмне деп жооп берерин угуңуз.

“Мен сага себеп берген жокмун, мындан ары өзүңдү туугандай алып жүр! Эгерде биздин үй-бүлөнү басынткан аракеттериң дагы кайталана турган болсо, туугандардын баарына айтам. Мен сага эскерттим!” деп билдирүү бериңиз.

Сүйлөшүүңөрдү диктофонго жаздырып алыңыз. Ал жерде анын тийишип жатканы, сиздин баш тартканыңыз болушу шарт. Ошондуктан сүйлөшүү кандай таризде жүрөт, алдын ала пландап алганыңыз жакшы. Эгер кийин дагы тийише турган болсо, күйөөңүзгө же кайын энеңизге, жакшысы баарына тең угузуңуз. Болбосо, ал сизден өч алыш үчүн биринчи айтып коет, анан, албетте, баары ага ишенип калат.

Тууган менен болгон мындай жагдайлар, бөлүнүп, өз алдынча жашоого жакшы негиз болуп саналат. Жаздырып алган үндү угузгандан кийин тынч жашоо болбойт. Андыктан тез арада бөлүнүп кеткиле!"

Нурислам Раимжанов, юрист

Урматтуу окурман, учурдагы абалыңыз абдан өкүнүчтүү. КРнын Кылмыш кодексинин негизинде мындай адамдарды сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери үчүн 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот.

Милицияга кайрыл деп айтуудан алысмын, чечимди өзүңүз кабыл аласыз. Болгону кайниңиздин бул аракети кылмыш экенин билиңиз.

Үйдө ал инсан менен жалгыз калбаганга аракет кылыңыз. Бул көрүнүштү жашырбай, жолдошуңузга жана анын ата-энесине ачык айтсаңыз туура болот деп эсептейм. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
11.06.2019, 00:07

Өзүң жол бергенсин тийишкенге, болбосо  канча шустрый болбосун бир тууган женесине тийишмек эмес 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт