Жездем көп суммадагы акча карыз. Кантип алсам болот?
2019.06.10, 14:56
2431
Жездем менден көп суммадагы карыз акча алган. Азыр болсо эжем экөө ажырашып жатат. Акчамды сурасам бербей, коркутуп жүрөт. Кантип акчамды алсам болот? Кайда кайрылам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.06.2019, 15:23
Нурислам Раимжанов
Юрист
Жездеңиз коркутуп акчаңызды бербей жатса, милицияга кайрылыңыз. Милиция жездеңизге "көз боёмочулук" кылган деп иш козгоп, кылмыш ишин жүргүзө алат.
Көз боёмочулук жана алдамчылык иши козголсо, материалдык жана моралдык чыгымдарды өндүрүп алууга мүмкүнчүлүк болот.
Акчаны кайсыл жерден берсеңиз, ошол жердин аймактык милициясына арыз менен кайрылыңыз.
Карызга акча берүүдө эмнелерди эске алуу керек? Бул жерден окуңуз
0
Пайдалуу жооп