// //

Карызга акча берип жатканда эмнелерди эске алуу керек? Юрист кеңеш берет

2019.03.06, 12:19
5010

Саламатсызбы. Менин суроомо жооп беришиңизди өтүнөм. Мага бир адам карыз болчу. Ал карыз берген акчамды кайра кайтарбай жатат. Эми ага карата арыз жазсам болобу? Мен мыйзамдын кайсы беренесине таянышым керек?

Bilesinbi.kg окурманыбыздын суроосуна жоопту юрист Ширин Алмазовадан алып берди.

Эгер ортодо келишим түзүлгөн болсо

Эгер сиз карыз акча бергендигиңиз тууралуу келишим түзсөңөр, же ал адам сизден карыз акча алгандыгы тууралуу тил кат (расписка) жазып берсе, анда сиз доо арызыңыз менен райондук сотко кайрылсаңыз болот. Карыз алган адамдын жашаган жерине караштуу сотко кайрылуу керек. Ал үчүн сиз өндүрүлдүп жаткан суммадан 10% өлчөмүндөгү мамлекеттик төлөмдү төлөп, квитанциясын доо арызга тиркеп коюңуз. Андан тышкары келишимдин же тил каттын көчүрмөлөрү, сиздин паспортуңуздун көчүрмөсү, жана иш боюнча далил болуп берчү башка документтер да тиркелет.

Эгер ортодо эч кандай документ жок болсо

Ал эми келишим түзүлбөсө жана эч кандай документ жок болсо, сиз акчаңызды кайтарбай жаткан адамга каршы доо арыз менен ички иштер органдарына кайрылсаңыз болот. Доо арыз кылмыштыр жана жоруктар боюнча биридиктүү реестр журналына катталат. Сизге тиешелүү кабарлама –талон (талон-уведомление) берилет. Аны менен иштин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзө аласыз.

Сиз айтып жаткан абал боюнча акчаны алып жана кайра кайтарбай жаткан адам Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 204-беренеси боюнча каралат. Бул берене кылмыштын курамында шылуундук бар экенин эске алат.

Чоң суммадагы акчаны карызга берип жатканда эмнелерди эске алуу керек?

Бериле турган акчанын суммасы 1000 сомдон ашык болсо, анда карыз берүүчү жана карыз алуучунун ортосунда жазуу түрүндөгү келишим түзүлүшү зарыл.

Бериле турган акчанын суммасы 50 000 сомдон ашык болсо, анда ортодогу түзүлгөн келишимди нотариалдык конторадан күбөлөндүрүү керек. Болбосо келишим жараксыз деп табылып, акча каражатын кайра кайтаруу кыйынга туруп калат.

Бериле турган акчанын суммасы өтө чоң болсо, акча каражатын кайра кайтарып берилүүсүн камсыздоо үчүн, мүлктү (кыймылдуу же кыймылсыз) күрөөгө алуу тууралуу келишим түзсө болот.

Андан тышкары карыз алып жаткан киши өз колу менен жазган тил кат жазып берүүгө милдеттүү. Тил кат төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

  • Карыз алып жаткан кишинин толук аты-жөнү;
  • Карыз алып жаткан кишинин паспортундагы маалымат;
  • Катталган дареги;
  • Алып жаткан акчанын суммасы;
  • Кайсы күнү алды;
  • Кайсы күнү кайтарып берүүнү милдеттенет;
  • Тил кат жазылган күн;
  • Карыз алган кишинин колу.

Ушундай иш аракеттер менен гана өзүңөрдүн коопсуздугуңузду камсыздай аласыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт