// //

Балаңыз 1-класска барса, ал эми сиздики эмес

2018.09.11, 15:58
1878

Балаңыздан "Сиз эмнеге жеттиңиз? Сиз өзүңүз кимсиз?" сыяктуу кептерди уккуңуз келбейби? Анда психология илимдеринин доктору Алексей Ситниковдун кеңештерине кулак салыңыз.

Энелик сезимиңиз канчалык күчтүү болбосун, аны “ Мен ага баарын беришим керек, мен балам үчүн жашайм” деген азгырык менен чаташтырбаңыз. Бул адам жашоосунун бүт маанисин бузат. Ал тургай, мышык мыймыйлары үчүн жашабайт, өзүнүн кызыкчылыктарын баарынан жогору коёт. Ар бир адам - ​​өзүнчө баалуу бирдик. Эгер сиз балдарыңыз үчүн, балдарыңыз - балдары үчүн, неберелериңиз – чөбөрөлөрүңүз үчүн жашаса, чынында эч ким жашаган эмес болот. Самолётто “масканы биринчи кезекте өзүңүзгө, анан балаңызга кийгизиңиз” деп бекеринен айтпайт. Өзүңүз аман калсаңыз гана, кимдир бирөөгө кам көрө аласыз.

Эс алыңыз, бала сизге караганда ыргактуу. Ал өсүп жаткан маалда, дайым башын бир нерсеге урат, бирок анын мээсинин механизми бара-бара соккулардын күчүн азайтат. Эгерде сиз боюңуз тең жерден кулап түшсөңүз, коркуп каласыз. Балаңыз болсо бул ыкманы бир күндө бир нече жолу жасайт.

Курмандык жок эле болсунчу, сизден суранам! Апалар ырахаттанып, саякаттап, өркүндөп өздөрү үчүн жашашы керек. Мага көп учурда бейтаптар ыйлап келип: “Мына мен карьерадан, досторумдан, кызыкчылыктарымдан баш тарттым, эми балам мага ыраазы болушу керек деп ойлойм” дешет. Буга бала макул эмес: "Апа, эмне эле болуп жатасыз?! Сен мени өз ырахатың үчүн төрөдүң беле. Мен сураган эмесмин”. Ал сиздин кам көрүүңүзгө ыраазы болушу мүмкүн, бирок андан  реалдуу эмес нерселерди талап кылганыңыз үчүн ачууланууга укугу бар. Балаңыздан бул кептери угуу жаман болсо керек: "Сиз эмнеге жеттиңиз? Сиз өзүңүз кимсиз?" Андан да жаманы “Караңызчы айланада кызыктуу адамдар көп! Ал эми, сиз менен болуу көңүлсүз, себеби сиз эч ким эмессиз."

Эртеби - кечпи бала чоңдордун жашоосуна кетет, убагында өз жашооңузду  түзө албасаңыз, кийин куржалак каласыз. Себеби элүүгө чыкканда кайрадан балалуу болуу кыйынга турат. Балаңыз 1-класс болуп, мектепке жөнөгөндө, аны менен кошото берсеңиз болот - ал эми сиздики эмес. Мындан ары анын дүйнөсү классташтары жана досторунан турат. Мектеп англис тилинде сүйлөсө, баланын эне тили англис тили болуп калат. Муну менен күрөшүү пайдасыз.

Окуучуну бошоткула, ага эненин курсагында эмес, адамдар чөйрөсүндө болууга мүмкүндүк бериңиз. Үйдөн билим берүү - бул абдан, абдан жаман идея. Айфон колдонууга тыюу салсаңыз, а бирок, классташтарында айфон бар болсо өнүгүп келе жаткан балага зыян келтирет. Өздүктү бир жерге кармабаңыз, баары менен чогуу кызамык болуп ооруй берсин, кайра жакшы, ооруга каршы иммунитет пайда болот.

Өзүңүз вегетарианец болсоңуз да, башкалар жеген нерсени жей берсин, авторитетиңиз менен басмырлабаңыз. Баланы камкордугуңуз менен муунтуп олтуруп, анын мүмкүнчүлүгүн чектейсиз, көп сандагы комплекстерди пайда кыласыз. Өз алдынча чечим кабыл алууга мүмкүндүк бербесеңиз, анын эмоционалдык интеллектисинин (EQ ) өнүгүшүнө тоскоол болосуз. EQ лидер болуу жөндөмүнө таасир берет. Бүгүнкү күндө бул Iqдан алда канча маанилүү болуп саналат. Бала бакчадан дагы – кичинекейлер үчүн кимдир бирөөлөр менен урушуп, кайра биригип, жакын адамын табуу пайдалуу.

Тоскоол болбоңуз, балдар биринчи сүйүү, биринчи гормон, биринчи көз жаш пайда боло тургандай мамиле кура беришсин.

Бул накыл кепти билип алыңыз: "Эгер он сегиз жашка чейинки балаңда көйгөй болгон эмес болсо, ал сенин мойнуңда кыркка чейин отурат."

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт