// //

Дарыгер "сибирское здоровье"нин дарысын жазып берди. Кызыма ичирсем болобу?

2019.06.07, 14:05
1495

Сегиз айлык кызым жөрмөлөгөндө, уктап жатканда тердейт. Поликлиникага алып барсам, "сибирское здоровье"нин "рыбий жир" дегенин жазып берди. 

Угушума караганда, балыктын майын жайында бергенге болбойт экен. Дарыгер төрт мезгилде тең берсе болот деди. Ушул чынбы? Эмне кылсам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.06.2019, 14:11

Анара Базаркулова

Педиатр

Айым, кызыңыз сегиз айлык болсо, итий оорусу менен ооруп жатышы мүмкүн. "Аквадетрим" деген дарыны бир күндө, бир жолудан төрт тамчыдан бир ай боюу берсеңиз болот.  Кошумча, ЭКГ, ЭхоКГ тарттырыңыз. 

Балаңызга эт, БАД бергенге болбойт. 

Саламаттыкты сактоо системасына тиешелүү имараттарда БАДдарды сунуштоого жана таркатууга да болбойт. Башкача айтканда сизди көрүп жаткан дарыгердин БАД жазууга жана сунуштоого акысы жок. Медиктер бейтаптар менен чынчыл болуп, БАД - бул дары эмес, негизги тамактанууга кошулма деп айтып, туура маалымат берүүгө милдеттүү.

Окурман, БАДдар тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден алсаңыз болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт