// //

Аялымдын тили узун деген эркектин баяны

2019.06.05, 11:32
4354

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул мырзанын катында аялынын тили жаман экени баяндалат.  

"Апасын да укпайт"

Менде баары жакшы. Болгону аялымдын тили узун.

Ата-энем, бир туугандарым менен эч эле тил табыша албай койду. Аларга жасаган мамилесин көрүп ажырашып кетсемби дейм, бирок ортобузда балдар бар.

Апама каяша айтканын угуп калам. Өзүнүкүн бербейт. Баары ата-энем чогуу жашап баштаганда ачыкка чыкты.

Мурда келери-кеч жумушта жүрүп бул адатын билчү эмесмин.

Тили жаман экенин өзүнүн туугандары да билет экен. Кайын энеме айтып көрдүм, жыйынтык болбоду.

Акыркы күндөрү аны менен сүйлөшкөндү бери кой, жашагым келбей калды.

Эмне кылсам болот?

Асель Баимбетова, психолог 

Урматтуу мырза, сиз негизги нерсени жазбапсыз – келинчегиңизди сүйөсүзбү же жокпу? Мүмкүн узун тилинен башка жакшы сапаттары бар. Кээ бирөөлөр адамдардын кемчиликтерин гана байкайт. Ар бирөөнүн оң жана терс тарабы бар экенин унутпай, көңүлдү жакшы жагын көрүүгө буруу керек.

Аялымдын тили жаман деп жатасыз. Муну кандай түшүнсө болот: сөгүнөбү, каргайбы? Чогуу жашаган жылдар аралыгында ал үй-бүлөңүздүн бир мүчөсү болду, орду бар дегендей, мүмкүн өзүнүн оюн билдирип жатат.

Туугандарыңыз менен тил табыша албай жатканын жазыпсыз, ал эми сиз менен урушабы же жокпу түшүнүксүз калыптыр. Мүмкүн туугандарыңыз келинчегиңиз аркылуу өздөрүнүн бир көйгөйүн чечип жатат. Мүмкүн алар бир нерсе дейт. Мүмкүн бир сөз айтса, сизге он сөз айтты дешет. Тактай турчу нерселер көп.

Сиз аялыңыз менен туугандарыңыз үчүн эмес, балдарыңыз үчүн, сүйгөнүңүз үчүн жашайсыз да, туурабы?

Эмнегедир жубайыңызды туугандарыңыздын көз карашына таянып карап жатасыз. Туугандарыма жакпай жатат деп, балдарды таштап, башкага кетип калуу керекпи? Ажырашып, жаңы турмуш курсаңыз эле баары жакшы болуп кетет деген кепилдик жок.

Келинчегиңиздин жакшы сапаттарын көргөнгө аракет кылыңыз. Ата-энеңиз менен чогуу жашайт экенсиңер, көп адам келет, кетет дегендей, алардын баарын тейлеш керек. Мүмкүн эртеден кечке жумуш кылып чарчайт, сабыры түгөнүп, өзүн кармай албай ачууланат. Тилекке каршы, булар тууралуу эч нерсе жазбапсыз.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт