// //

Атам мени күйөөгө саткысы келе берет. Бир кыздын баяны

2019.06.03, 21:43
5112

- Апа! Эмнеге атам мени күйөөгө саткысы келе берет? Эмнеге менден тезирээк кутулууну каалайт? Эмнеге мени мынчалык жаман көрөт?

- Кой антпе кызым, атаң сени жакшы көрөт, ошон үчүн мыкты жигит таап коюптур.

- Өмүрү көрбөгөн адам менен кантип бактылуу болом?!

- Бар сабагыңды оку, анан сүйлөшөбүз.

Негизи атам мени 9-классты бүткөндө эле турмушка берем деген. Ыйлап жүрүп 11ге чейин окудум. Эми университетке тапшырам деп тырышып жатам. Үйдө күндө уруш. Апам мен тарапта. Шаардагы таежем менен сүйлөшүп койгон. Мектептен экзамендерим бүтсө, айылдан шаарга жөнөйм. Жакшы окуйм, бюджетке өтөм деген ниетим бар.

Мен болгону 17 жаштамын. Билим алгым келет. Бирок, атам, “турмушка чыгып алып, кийин деле окуй бересиң”,-дейт.

Жакында бир жигит тапканын айтты. Анысы классташынын баласы экен. Баары бир ага тийбейм. Атамды сыйлайм. Бирок, бул ар бир сөзүн угушум керек деген эмес да.

Бой жеткенден бери атам менен күрөшүп келем. 

Сурайын дегеним, атама кантип түшүндүрсөм болот? Кечээ ачуум менен "эгер мени мажбурлап күйөөгө бере турган болсоңор, силерди сотко берем",- дедим. Атам ошондон бери мага сүйлөй элек. 

Гүлбарчын Жумабаева, эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт

Урматтуу окурман! КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 155-1-беренесине ылайык никелешүү жаш-курагын бузгандыгы үчүн кыздын ата-энеси, нике кыйган молдо жана жашы жете элек кыз менен никеге туруп жаткан болочок күйɵɵ 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгерде жашың 18ге толо элек болсо жана атаң турмушка чык деп жатса, жогорудагы мыйзамды көрсөт.

Ал эми, жашың 18ден ɵйдɵ болсо, ушул эле кодекстин 154-беренесинде эч бир жаран ɵз кызын болобу, башка бирɵɵнүн кызы болобу мажбурлап күйɵɵгɵ бергенге акысы жок деп айтылган. Демек, мажбурлап күйɵɵгɵ бергендер үчүн да жоопкерчилик каралган.

КРнын Конституциясында "ар бир жаран болочок жубайын эркин тандоого укуктуу" деп жазылып турат.

Кɵпчүлүк учурда, үй-бүлɵлүк зомбулуктан жабыр тарткан кыз-келиндер убагында ата-энеси күйɵɵгɵ чык деп шаштыргандан улам болочок күйɵɵсүн, үй-бүлɵсүн толук билбей туруп тийип алышкандарын айтып ɵкүнүшɵт. Бүгүнкү күндɵ ажырашуунун дагы саны ɵсүп жатат.

Келечекте бактылуу жашагың келсе шашпа, билим ал, терең ойлонуп анан турмушка чык. Сен буга укуктуусуң!

Шашып кыздарын күйɵɵгɵ бере коюп, кийин бир эки баласы менен ажырашып келгенде, ɵздɵрүн күнɵɵлүү сезип, башын мыкчып олтурган ата-энелер дагы жок эмес.

Атаңа жакшылап түшүндүр, сени тезирээк күйɵɵгɵ берүү менен маселе чечилип калбайт.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт