// //

Инимди жакшы көрөм, бирок урам. Психологдун жообу

2019.06.03, 16:05
2074

Саламатсызбы. Мен инимди жакшы көрөм. Бирок ага катуу мамиле кылам. Сүйлөп жатса кагып урушам, согом. Туура эмес кылып жатканымды билсем деле кайра эле улана берет ушул көрүнүш. Байкушум, мага каяша айтпайт, унчукпайт. Жанында отуруп сырдашкым келет, бирок эч нерсе айта албайм. Ал 14 жашта. Мен 20дагы жигит болсом деле кээде көзүмө жаш алам. Жашоону ойлоном, инимди ойлойм. Ага-инилердин сүйлөшкөнүн көрүп аябай суктанам. Жол көргөзгөн ага болгум келет. Жашоомду өзгөрткүм келет. Мага жардам бергилечи?

Виктория Исакова

“Илим” билим берүү комплекси, Психологиялык колдоо борборунун жетекчиси, психолог

Чынын айтканда, сенин кылганың таза мыкаачылык. Иниң сага жооп кайтара албай турганын билип туруп, ага кол көтөрүп жатасың. Өзүң алсыз адамсың, ошондуктан иниңди кордоп жатасың. Иниңе болгон жакшы көрүүң, жөн гана коз боемоочулук. Мындай суроону берип кандай жооп алгың келди? Кылганың үчүн актангың келип жатабы? Тилекке каршы андай болбойт.

Эсиңде болсун. Иниң качандыр бир убакта чоңоет. Кылганың өзүңө кайтып келет.

Андан көрө өз жашооңду иреттеп ал. Жумушка кирип иште, алдыга максат коюп жеткенге аракет кыл. Башка адамдар менен баарлаш. Өзүңдү тарбияла, андан кийин башка бирөөгө тарбия берсең болот. 

Карлыгаш Акимкулова

„Psihoanaliz.kg“ психотерапия борборунун адиси, психотерапевт

Саламатсыңбы, жазганың үчүн рахмат. Иниңди жакшы көргөндүктөн ага санааркаганың жакшы. Бирок, аны менен кантип чыныгы ага-ини болуш керек экенин билбейсиң. Урушуп, сөгүп жатканыңдын башкы себеби, сени да балким ушинтип тарбиялашса керек. Ошондон улам башкача мамиле кура албай жатасың.

Сен бой жетип калган жигит экенсиң, демек бардыгын өзгөртүү колуңдан келет. Туура эмес жасап жатканыңды түшүнүп турсаң да эмнеден баштоо керек экенин билбейсиң. Бир нерсени эсиңе сактап кал. Өзүңөн баштабасаң мындай адилетсиздик улана берет. Кийин иниң да өз балдарына, өзүнөн кичүү бир туугандарына ушундай мамиле кылат.

Ал сени сыйлайт, ошондуктан кың этпей сенин айткандарыңды аткарат. Жашооңду жана өзүңдү өзгөртүү эч качан кеч эмес. Иниңе кечиримдүү жана жумшак бол. Кемсинтүүчү жана аброюна шек келтирүүчү сөздөр менен урушпа. Ал унчукпай турганда сөздү биринчи өзүң башта. Сабагы, достору жөнүндө кызыгып сура. Колуңан келген жардамыңды бер. Сенин кам көрүүңдү байкап, сага ыраазы болот.

Үйдөгү жумуштарды бирге жасагыла, бирге машыккыла, бирге кино көргүлө. Көрөсүң ушул күндөр өмүр бою сенин да иниңдин да эсинде калат. Ар дайым иниңе болушуп, ар дайым ал тарапта бол. Өзгөрсөң эле иниң сага жакындай баштайт.

Иниңди ачууланып, урушканың  - өзүңө ачууланып, өзүңө нааразы болгонуң. Күчүңдүн баарын андан чыгарып жатасың. Алгач өзүңдүн ички дүйнөңдү түшүнгөнгө аракет кыл. Психологго кайрылып, жүрүм-турумуңду өзгөрт. Сен али жашсың, колуңан келет. Алдыда сонун күндөр көп.  

Psihoanaliz.kg борбору Bilesinbi.kg’нин окурмандарына 20% арзандатуу берет. Психологго кайрылгыңыз келсе 0702 32 22 22 телефону аркылуу консультацияга жазылсаңыз болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт