// //

Инимдин жумурткасы калтасынын тышында. Окурмандар суроолоруна уролог жооп берет

2019.05.31, 12:20
6705

Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог Болот Рысбаев түз эфирибизде конокто болуп, окурмандардын суроолоруна жооп берди.

  1. Варикоцеле болуп, операция жасаткам. Бирок, баары бир сол жумурткам чоң көрүнүп жатат.

Дагы бир ирет урологго көрүнүп, ультрадобуш изилдөөдөн өтүү абзел. Варикоцелеге жасалган операциялардын түрлөрү көп. Кайсы жактан кескенин, курсактанбы же жыныс мүчө жактанбы билбей туруп, бир нерсе деп айталбайм.

  1. Жигиттер үйлөнгөнгө чейин кандай анализ тапшырышы керек?

Үйлөнгөнгө чейин жыныс инфекциялары жокпу билүү үчүн кан же мазок тапшыруу керек. Дарыгер жыйынтыгына жараша кошумча анализдерди жазып берет.

  1. Бир эле жумурткасы бар аялдар балалуу боло алабы?

Аял кишинин эки трубасы болот. Кандайдыр бир себептер менен бирөөсү бүтөлүп калса, бирок экинчисинде эч кандай көйгөй жок болсо, балалуу болушу мүмкүн. 

  1. Простатиттин башталганын кантип билсе болот?

Простатиттин түрлөрү көп. Өнөкөт простатит температура менен башталат, заара ушатканда ачышат, калып калгандай болот, түндө бат-баттан дааратканага каттайт, бел суусу бат түшөт ж.б.

  1. Заара ушатканда жыныс мүчөм ачыша берет.

Табарсыкка, простата безине же сийдик чыгаруучу каналга суук тийген болушу мүмкүн.

  1. Эрекция нормада канча мүнөт болушу керек?

Ар бир адамдыкы ар кандай: 1 мүнөт, 5 мүнөт дегендей. Мынча болуш керек деген так норма жок. Баары индивидуалдуу.

  1. 17 жаштамын. Жыныс мүчөм кадимки абалда 7 см, эрекция учурунда 12 см. Бул нормалдуубу?

Азияттар үчүн бул нормалдуу өлчөм. 

  1. Заара кылып бүткөндөн кийин отуруп турганда сийдик чыгып кетип жатат. Эмнеден болушу мүмкүн?

Сийдик чыгаруучу каналдарда же простата безинде көйгөйлөр бар. Дарыгерге көрүнүү керек.

  1. Эпидидимит деген кандай оору?

Эркектин жумуртка безинин үстүндө кичинекей бир без болот. Аны “эпидидимис” деп коет. Эң сапаттуу уруктар ушул жерден чыгат.  Эпидидимит – бул ошол бездин сезгениши.

  1. Мурда трипак болгом. Дагы кайталанышы мүмкүнбү?

Оба, мүмкүн. Ал үчүн кайра кан же мазок тапшырыш керек.

  1. Оң жумурткамдын үстүнө без сыяктуу бир нерсе пайда болуп калды. Эмне кылсам?

Муну ыйлаакча (киста) деп коет. Оорубаса эч нерсе кылбай эле койсо болот. Эгер оорутуп ыңгайсыздык жаратса, операция жолу менен алып салынат.

  1. Папилломаны же кондиломаны кантип дарылайт?

Бул экөөнүн түрлөрү көп: залалдуу жана залалсыз. Билбей тийип койсоң же операция кылып алып салсаң жаман ооруга, мисалы, ракка өтүп кетиши мүмкүн. Ошол себептен, алгач кан тапшырып, түрүн аныктоо зарыл. 

  1. Эркектин бир эле жумурткасы болсо эч нерсе болбойбу?

Эч нерсе болбойт. Бир жумуртка деле эки жумуртканын ишин аткара алат.

  1. 13 жаштагы инимдин журуткасы өйдө жагында. Терс таасири жокпу?

Зыяны бар, ылдый түшүрүш керек. Дары-дармек менен калыбына келтирилет, болбосо операция жасалат. Нормада жумуртка урук калтанын ичинде болуш керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
04.06.2019, 16:32

Мен сизге кайрылуум себеби мен жыныстык катнашта тез суперма келбейт неге андай түшүнбөйм 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
11.06.2019, 16:53

Сперма кобоюш учун эмне кылыш керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт