// //

Жигитим үйдүн кенжеси, ошондуктан ага тийгим келбейт

2019.05.30, 13:58
1908

Азыр 24 жаштамын. Турмушка чыга элекмин. Бир бала менен сүйлөшүп жүрөм. Жакшы бала: ак көңүл, кичи пейил. Бирок үйдүн кенжеси.  Ошондуктан ага турмушка чыккым келбейт. Себеби биздин үй-бүлөдө уул жок. Апам жалгыз калат. Мен үйдүн улуу баласына тийип, иштеп, апама каржы жагынан жардам беришим керек. Кичүүсүнө тийсем айылда отуруп каласың, эчтеке кыла албай. Ал жигиттин мүнөзү жакшы болгону менен көңүлүм жок. Эмне деп айтасыңар? Кандай кеңеш бересиңер?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.05.2019, 13:59

Асель Баимбетова

Психолог

Суроо берип кайра өзүңүз эле ошол суроого жооп бердиңиз.

“Турмушка чыккым келет, бирок апамды калтыргым келбейт”, “Турмушка чыккым келет бирок кичүүсүнө эмес, себеби айылда калгым келбейт” деп жатасыз. Турмушка деле сүйгөндүктөн эмес, жөн эле убакыт кыстап, акыры тийиш керек болгон үчүн чыгууну каалап жатасыз. Сиз алгач өзүңүздүн каалоолорунузду, мүнөзүңүздөгү карама-каршылыктарды, жашоодогу максаттарыңызды жакшылап аныктап алыңыз. Ошондо кандайдыр бир чечим чыгаруу жеңил болот. Өзүңүз да жашооңузду татаалдантпай жашайсыз.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Н
Неважно
30.05.2019, 16:12

Минтип акыл токтотуп ойлонгонунуз эн жакшы. Айылда калып жашоону каалабасаныз тийбей эле койгонунуз туура. Болбосо кийин аны да озунузду да кыйнап коёсуз. Башка мандайынызга жазганы тургандыр. Жон гана жеке оюм. Бактылуу болунуз.

0
Пайдалуу жооп
Э
Эстебес
31.05.2019, 20:25

Ушу кичууго тийбейм деген кыздардыкы отту. Тий ал балага анын дагы бакытка укугу бар. Илгери ушинткен кыздарды атасы, агалары озу эле катуу жазалап салчу экен, азыр кыздардын баары эле кичууго тийбейм деп кыйын чыгышты. Акыры барып баркы кеткенде чет олкого качышат дагы ошол жактан багы ачылса кытай,негр,турк сыяктуу бироого эптеп озу эле жармашып тийип алат. Анысы менен коп болсо 5 жыл жашайт дагы ажырашат. Анан омур бою жалгыз бой журо берет. 

Ушунун ордуна кыргыздын эле кенже уулуна тийгиле. Кичуу уулдар билимдуу адамдык сапаттардан тайбаган уулдар тартиптуу болушат. Анткени ата-энесинин жанында алардын тарбиясы кунуго эске тушуп турат. 

Ушу силер уй иштеринен эле качасыгар. Чалкалап элитка квартирада боенуп кооздонуп эле жатсанар... аман болгула

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт