// //

Чочконун этин жесе кызганбай калат деген чынбы. Бир келиндин баяны

2019.05.29, 16:50
4094

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында күйөөсүнүн кемсинтүүлөрү жөнүндө баяндалат.   

Күйөөм арык кыздар жагаарын айтат

Саламатсызбы! Аябай кызганчаакмын, себеби мени күйөөм сүйбөйт.

Сүйгөнү бар. Анысы турмушка чыгып кетсе да, үйүнө чейин барып, “аялым менен ажырашып, сени алам”,-дептир.

Ал аялдын жолдошу менен байланышып, үйгө чакырып, ачык сүйлөшөлү дегем. Күйөөм муну билип калып, “алдап койдум” деп айттырып, кечирим сураткан.

Аны жакшы көрсөң, эмнеге мени алдың десем, “эрге тийип кетсе эмне кылайын”,-деди.

Ажырашкым келет. Бирок, өзүм ата-энесиз өскөм, балабызга бул нерсени каалабайм. Качан анысына кетип калат деген коркуу менен жашап келем. Ал сүйгөнү үчүн баарына даяр.

Төрөгөндөн кийин семирип кеттим. Күйөөм, “мага арык, төшү кичине кыздар жагат” , - деп айтат. Башка кыздар менен сүйлөшөт. Сүйлөшпө десем, кол көтөрөт.

Кызганычтын, нервтин айынан ооруп калдым. Тааныштарым, “чочконун этин жесең, кызганбай каласың”, - дешти. Бул чынбы? Деги эле эмне кылсам? Мага кеңеш бериңизчи.

Асель Баимбетова, психолог 

Адатта, ата-энесиз чоңойгон кыздар, турмушка чыккандан кийин үй-бүлөсүн жоготуп алуудан коркот, болгон күч аракетин аны сактап калууга жумшайт, өз алдынча боло алышпайт.

Мындай шарттарда күйөөңүз менен жашап жатканыңыз, биринчиден өзүңүздү сыйлабаганыңыздан, экинчиден өз алдынча жашап, оокат кыла албагыныңыздан кабар берет. Эгер чоң адам сыяктуу өз алдынча болсоңуз, анда кесибиңиз, жеке жашооңуз бар болмок, өзүңүз менен алектенмексиз, балаңыз үчүн жашасаңыз да, нервиңизди коротмок эмессиз.

Эмоционалдык жактан алып караганда, ичиңизден дале жаш баласыз, чоң адам сыяктуу өзүңүзгө ишене албайсыз. Ошондуктан, күйөөңүз менен ажырашкандан коркуп, болгон күч аракетиңиз менен ага жармашасыз.

Өз алдынча, кесиби бар, экономикалык жана моралдык жактан өзүнө ишенген аялдар ажырашкандан, күйөөлөрүн жоготуп алуудан коркпойт, өздөрү деле жашап кете аларына ишенет, кызыктуу жеке жашоосу бар.

Абалыңызды сырттан караганда, чоң аял эмес, кичинекей кыз күйөөсүнө жабышып жаткандай көрүнөт. Ошондой эле, өзүңүздү сыйлабай, кемсинтүүлөргө, кордуктарга чыдаганга даярсыз.

Күйөөңүзгө теңелип, аны эле карап олтура бербей, өз жашооңузга жоопкерчилик алып, өзүңүздү өнүктүрүү менен алектенип, билим алып, жаңы кесипке үйрөнүшүңүз керек. Ал эми, чочконун эти боюнча айта кетсем, ал болбогон бир кеп. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, психологго кайрылыңыз. 

Нурислам Раимжанов, юрист

Урматтуу айым, жолдошуңуздун кол көтөргөнү - бул мыйзамсыз аракет, жоопкерчиликке тартса болот. Ажырашасызбы же жокпу өзүңүз билесиз. Эгер ажырашам десеңиз, алимент өндүрүп алсаңыз болот. Эмне кылуу керектигин бир гана өзүңүз чечесиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт