Суу ичип койсом эле тамагым ооруп, грипп болуп калам. ЛОР жооп берет
2019.05.29, 15:38
1624
Сурайын дегеним, кышында тамагым көп ооруйт, жайдын күнү деле суу ичип койсом эле тамагым ооруп, грипп болуп калам. Эмнеден мындай болушу мүмкүн? Кайсы оорунун белгиси? Же иммунитет төмөн болуп кеткенби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.05.2019, 15:40
Адилет Джунушалиев
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, ЛОР
Сизди сурооңузду окуп, кандайдыр бир диагноз коюу өтө оор болуп турат. Биздин бейтаптардын көпчүлүгү жөтөлдү грипп, тамак ооруну ангина деп ойлошот. Бирок тамак оорунун түрлөрү көп: ангина, ларингит, фарингит ж.б. Ошондуктан доктурга көрүнүп, анализ тапшырып, коюлган диагнозго ылайык дарыланыңыз деп гана кеңеш бере алам.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп