// //

Сүйгөнүмдү апасынан башка бирөө өпкөн экен. Студент жигиттин баяны

2019.05.27, 14:26
5524

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында сүйүктүүсүнүн кыз эмес экенин ата-энесине айталбай жүргөнү баяндалат.   

"Себебин билгим келди, бирок эрким жетпеди"

Саламатсызбы! Жакында эле сүйлөшкөн кызым мага чоң сырын ачты. Анда, кеп башынан болсун.

Экөөбүз бир университетте окуйбуз. Студенттер кечесинен таанышканбыз. Жылдызыбыз бат эле келишип, кыз-жигит болуп калдык. Ишенесизби, ушул убакка чейин бир да жолу таарынышкан жокпуз.

Окууну бүтөөрүбүзгө аз калды. Акыркы убакта той тууралуу көп сүйлөшчү болдук. Отуруп алып элестетте беребиз: кайда болот, кимди чакырабыз, кайсы ырчы келет ж.б дегендей.

"Сырын жамгырлуу күндө айтты"

Кадимкидей эле жолугуштук. Жамгыр төгүп жаткан. Үшүп калбасын деп, күрмөмдү жаап кучактап алгам. Бир саамга унчукпай олтурдук. Кызым акырын гана, “Нурболот (аты өзгөртүлдү), мен сага бир нерсени айтып коюшум керек, кийин кеч болуп калат”,-деди. Тамашага салып, “Эмне балаң барбы?”-деп күлдүм. “Жок, мен кыз эмесмин!”, - деди.

Нес болуп туруп калдым. Себебин билгим келди, эрким жетпей, “Үшүп калдың, жүр кеттик”,-деп үйүнө жеткирип койдум.

Аны жакшы көрөм. Ошол күндөн кийин бул теманы козгогон жокпуз.

Ата-энем түшүнөбү деген ой башымдан кетпей койду. Аларга кантип айтсам болот? Кеңеш бересизби.

Асель Баимбетова, психолог 

Мамилеңер сиз үчүн абдан маанилүү болсо, кызыңызды жакшы көрсөңүз, анда жакшылап ойлонуңуз, ата-энеңиз кабыл алабы, кабыл албай койсо аны жоготуп алуу коркунучу барбы, бул жоготууну өзүңүз кабыл ала аласызбы?

Башка жагынан алып караганда, ата-энеңиз менен мамилеңиз кандай, ортоңордо жашырчу эч нерсе жокпу, алар үчүн бул нерсени билүү маанилүүбү?

Макул, аларга баарын ачык айттыңыз, кызыңызды кабыл алышты деп болжолдоп көрөлү, күнүмдүк көйгөйлөрдөн улам пикир келишпестиктер пайда болгондо (сөзсүз болот), ата-энеңиз, болбосо, туугандарыңыз кызды маскаралашы мүмкүн. Келин үчүн бул абдан оор, мындай болушун каалайсызбы?

Кээде сизге чейин ким менен жүргөнүн билүү маанилүү, эгер жакын таанышыңыз болуп калса, ал тууралуу баары билсе, менталитетибизге ылайык, кызга үйлөнгөн жок деп, жигитти шылдыңдашат. Буга чыдайсызбы? Көбү билсе, эртеби-кечпи айкын боло турган болсо, бул сырды жашыруунун кереги барбы?

Сыр сактоо кыйын, бирөөгө айткың келет, “унчукпай койсом кесепети кандай болот” деп тынчсызданып жатасыз, сизди түшүнүп турам. Бирок, сиз бой жеткен адамсыз, ата-энеңиздин, кызыңыздын мүнөзүн жакшы билесиз, эмне кылууну өзүңүз гана чечесиз. Баарын таразалап, туура чечим кабыл аласыз деп ишенем. Ийгилик!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
29.05.2019, 08:22

Озун чечесин

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт