// //

Кара икра өндүргөн Эмиль Ибраимовдун ийгилик сыры

2019.05.22, 15:32
1476

Кыргызстанда кара икра алуу үчүн кичинекей, бирок күчтүү жана жакшы жөнгө салынган балык чарбасы бар экенин билчү белеңиз? “Кавиар” балык чарбасынын жетекчиси Эмиль Ибраимов бул татаал жана оор жумуш жөнүндө айтып берди.

Баары кыялдан башталган

Биздин компания 2010-жылы ачылган. Ошондо эле, эмне кылабыз деген так планыбыз бар болчу - осётр балыгынын ар кандай түрлөрүн багып, кара икра алуу. Бул максат абдан кыйын жана кымбат.

Икра алуу үчүн балыктын салмагы жана жаш курагы керектүү нормага жетиш керек, мындайча айтканда 8-10 жыл күтөсүң! Мындан тышкары, балыкты камсыз кылууга ылайыктуу шарт керек.  

Албетте, биз бул менен гана чектелбей, жергиликтүү карп жана  лосось балык түрлөрүн өстүрөбүз. Бирок, чет жакадан балык алып келгендер көп, атаандаштар менен күрөшүү кыйын. Азыр чарбабыздын аймагына өзгөчө балык менюсу бар ресторан ачканбыз. Балык күнү сыяктуу ар кандай иш-чараларды уюштуруп турабыз.

Максатыма жетүү үчүн тобокелдикке бардым

Бардык кыйынчылыктардан өтүп, өз максатыңа жетүү үчүн кээде тобокелдикке баруу керек, мен да ошентип - "Айыл Банкка" бардым! Бул кадамыма эч качан өкүнбөйм!

Бир канча ирет насыя алдым. "Айыл Банк" менен сонун мамиледебиз. Келишимдери талаптарыма жооп берди. Өз ишин мыкты билген жоопкерчиликтүү адистер иштейт экен! Кызматкерлер бардык зарыл документтерди каттоого жана толтурууга жардам беришти.

Бул банты тандаганыма абдан кубанычтамын! Кредитти тез алдым жана убагында төлөп жаттым! Кийин насыя алсам кайра эле "Айыл Банкка" кайрылам!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт