Өзүн-өзү канааттандырса эч нерсе болбойбу? Адистер жооп берет
Жашым 30дан ашты. Жолдошум менен көп жыл балалуу боло албай ажырашып кеттик. Күйөөмдөн башка эркекти каалабайм. Кээде дүүлүккөндө, өзүмдү колум менен эле канааттандырып алам. Буга динибиз жана медицина кандай карайт?
Мирлан Айбашов
Уролог
Өзүн-өзү канаттандыруу же болбосо мастурбацияны узак убакытка чейин кылуу онанизим оорусуна алып келет. Көнүп калсаңыз кийин бул адатттан чыгуу кыйын болот. Нервге терс таасирин берип, кийин турмушка чыксаңыз, жыныстык катнаштан кумар ала албай, бекинип алып көнгөн адатыңызды кыла бересиз. Андыктан сиз бул адатты таштаңыз, колуңуздан келбей жатса сөзсүз гинекологго кайрылыңыз.
Илья Комаровер, психотерапевт, сексолог
Эгерде кумар алгыңыз келсе, бир адамды издеп таап, мамиле куруңуз. Жакшы адамдар көп. Өз алдынча мастурбация кылып кумар алып жүрө берсеңиз, нормалдуу үй-бүлө кура албайсыз. Адамдын бул жашоодогу милдети аркасынын урпак калтыруу, балалуу болуу. Ал эми бул нерселер үй-бүлөсүз болбойт. Мен сизге ийгилик каалайм!
Улан Усупов
Теолог
Негизинен, мастурбация маселесине динибиз тыюу салган. Башкача, айтканда, андай жалган кумардан абайлашыбыз керек. Маструбация кылуу менен жоопту болуп каласың. Аалымдарыбыз жаштарга “Мастурбация кылбагыла, аны жаман өнөкөткө айландырбагыла” - дешкен. Бирок, кандайдыр бир арам жолго баруу, башкача айтканда зынаа коркунучу туулса, уруксат берилет деген жери бар.