Баламды эмчектен чыгарганыма бир жыл болду, бирок сүтүм дагы деле бар
2019.05.20, 13:47
870
Саламатсызбы. Менин суроом мамологго. Баламды эмчектен чыгарганыма бир жыл болду, бирок сыксам сүт дагы деле чыга берет. Коркунучу жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.05.2019, 13:51
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Сарысанаа болбой эле коюңуз. Бул сүттүн калдыктары болушу мүмкүн. Эмизип жүргөн кезде сүт каналдары кеңейип кетет. Бирок баары бир мамологго көрүнүп, пролактин гормонун текшертип, cүт бездерин УЗИге тарттырып коюңуз. Эмчегиңизди жөнү жок сыкпаңыз!
0
Пайдалуу жооп