// //

Мага кол көтөргөн күйөөмө боорум ооруйт. Бактысыз аялдын баяны

2019.05.20, 13:00
3813

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул айымдын катында кол көтөргөн күйөөсүнөн кете албай жүргөнү айтылат.  

Атыркүл, 30 жаш

Саламатсызбы! Менин 2 балам бар. Тилекке каршы, жолдошум мыкты күйөө, мыкты ата боло албады.

Ата-энем каршы болгонуна карабай турмушка чыккан элем. Бири-бирибизди жактырчубуз. Ушуга чейин эмнелерди гана көрбөдүм. Чыдап жашап келатканыма 10 жылдын жүзү болду.

Анын эмнесин жашырайын, кол көтөрөт. Кетип калайын дейм, бирок кайра ага боорум ооруйт.

Ата-энем, “ажыраш, балдарын бакпаган, иштебей үйдө жаткан күйөөнүн эмне кереги бар”,-деп урушат. Бирок, канчалык жүрөгүмдү оорутуп, көңүлүмдү калтырбасын, аны таштап кете албайм. Сүйөмбү же башымды айлантып алганбы билбейм. Өзү үчүн жашайт. Мага кеңеш бересизби.

Алла Клевакова, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен! Катыңызды окугандан кийин, менде бир нече суроолор пайда болду. Сизге жакпаган ушунча көп нерселер бар экен, эмне үчүн чыдап жүрөсүз? Анан да үй-бүлөңүздө физикалык зордук-зомбулук орун алганын айтыпсыз, ага бооруңуз ооруганын жазыпсыз. Өзүңүзгө карата эмнени сезесиз? Балдар силердин урушуңарды көрөбү? Анын тегерегинде айланчыктап жүргүдөй, ал сизге эмне берип жатат?

Мен ажырашуунун жактоочусу эмесмин. Бирок, көп учурда аял ажырашкандан кийин жалгыз калуудан коркуп, үй-бүлөдөгү психологиялык жана физикалык зомбулуктан азап чегип, “эл эмне дейт, балдарымдын атасы”,- деп чыдап жашайт. Баса, айтып коёюн, кандай гана учур болбосун ал балдарыңыздын атасы бойдон калат.

Ошондой эле, аялдар өнөктөшү өзгөрүп, эсине келип, жакшы болот деген үмүт менен жашап, азап тартып жүрө берет.

Бирок, бул жөн гана куру кыял жана текке кеткен убакыт болуп саналат. Адамдар өздөрү каалаганда гана өзгөрөт. Аялдын сабыры башканын жүрүм-турумун өзгөртүүгө жардамчы боло албайт.

Жазган катыңызда көптөгөн азаптар айтылган. Балдарыңыз муну көрүп, ата-эненин жүрүм-турумунан үлгү алат. Аялдарга карата мындай мамилени көргөн эркек балдар, кийин жубайын сыйлабаган, кол көтөргөн болуп чоңойсо, кыздар азап тартканды норма катары кабыл алып, өздөрүнө жаман мамиле кылууга уруксат берген адам болуп бой жетет.

Бактылуу болуу - бул чоң эмгек. Тилекке каршы, буга бизди окуткан эмес. Өзүңүз эмнени каалап жатасыз аныктаңыз. Күйөөңүз кандай болсо ошондой экенин түшүнүңүз, өзгөрөт деп үмүт кылбаңыз. Башкалардын пикирлерин укпай, өз бакытыңыз үчүн жоопкерчилик алыңыз. Урматым менен Алла Клевакова!

Нурислам Раимжанов, юрист

Урматтуу айым, жолдошуңуздун кол көтөргөнү - бул мыйзамсыз аракет, жоопкерчиликке тартса болот. Ажырашасызбы же жокпу өзүңүз билесиз. Эгер ажырашам десеңиз, алимент өндүрүп алсаңыз болот. Күйөөңүзгө бооруңуз ооруп жатканын жазыпсыз, ошол эле учурда өзүңүз кыйналып жатасыз. Эмне кылуу керектигин бир гана өзүңүз чечесиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт