// //

Жоопкерчилиги чектелген коомду каттоо үчүн төмөнкүлөр керек

2018.09.03, 12:40
2893

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жоопкерчилиги чектелген коомду каттоо үчүн төмөнкү маалыматка ээ болуш керек:

  • ЖЧК уюштуруучуларынын паспорттук маалыматтары;
  • ЖЧКнын юридикалык аталышы (толук жана кыскартылган) эки тилде: мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус тилинде);
  • ЖЧКнын юридикалык дареги;
  • ЖЧКнын негизги иши;
  • ЖЧКнын ыйгарым укуктуу капиталы;
  • ЖЧКнын ыйгарым капиталындагы катышуучулардын үлүштөрүнүн айкындары;
  • ЖЧКны башкаруу органдары.

Жогорудагы маалыматтарды алгандан кийин, төмөнкү беш кадамды аткаруу керек.

  1. Устав жана уюштуруучулар келишимин иштеп чыгуу (эгерде бир нече уюштуруучу болсо).

Устав жана уюштуруучулар келишими - ар кандай соода уюмунун негизги уюштуруу документтери болуп саналат, ЖЧКга дагы тиешелүү. Бул документтер уюм тууралуу маалыматты чагылдырат: юридикалык аталышы, ишинин негизги мүнөзү, дареги, уюштуруучулар, алардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалыматтар ж.б. Документтердин эң маанилүүсү - уюмдун соода иштеринен киреше алуу үчүн уюштуруучуга укуктардын бекитилип берилиши.

  1. Документалдык жактан каттоо жана ЖЧКны түзүү максатын нотариуста күбөлөндүрүү.

Уюштуруучулардын жыйынын өткөрүп, бул чогулушта уюштуруучулардын чогулушунун протоколу кабыл алынып, кол коюлушу керек (ЖЧКны бир адам эле түзүүгө ниеттенсе, чечим кабыл алган документи). Протколдо алардын  паспорттук маалыматтары, мамлекеттик жана расмий тилдерде уюмдун толук аталышы, юридикалык дареги, алып барган ишинин негизги түрү, уставды бекитүү жана башкаруу органдары камтылышы зарыл.

  1. Мамлекеттик каттоо үчүн арыз толтуруу.

Каттоо арызы эки бөлүктөн турат, биринчисинде өтүнмө ээсинин (сот органдарына документтерди тапшырган адам) жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Экинчи бөлүмдө болсо, юридикалык жактын маалыматтарын чагылдыруу зарыл болот. Алсак, ЖЧК: аталышы, жайгашкан жери, катышуучулардын саны, менчик формасы, жетекчисинин аты-жөнү, ошондой эле негизги иш-аракетинин түрү. Толтуруп бүткөндөн кийин, кол коюлуп, башка даярдалган документтерге тиркелет. Каттоо арызын нотариатта жол-жоболоштуруу талап кылынбайт.

    4. Юстиция органдарына  документтерди берүү.

Бардык чогултулган документтерди (уюштуруучулардын чогулушунун протоколун / ЖЧКны түзүү жөнүндө чечим, ошондой эле каттоо арызы, уюштуруучулардын паспорт көчүрмөлөрү) бир папкага чогултуп, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине өткөрүп берүү керек.

Документтерди кароо оң тарапка чечилсе, юстиция органы мамлекеттик алымды 290 сом (РСК-банк) төлөө шарты менен ЖЧКнын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк бериши керек.

Бардык документтер бир гана тилде берилүүгө тийиш: мамлекеттик же расмий. Чет тилинде документтерди даярдоо учурда, документтердин котормосун нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ошондой эле, уюштуруучу чет элдик жараан болсо, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүп, которулган паспортунун көчүрмөсүн тапшыруу керек.

  1. ЖЧКны аймактык салык органына, шаардык статистика комитетине, социалдык фондко каттоого тургузуу.

ЖЧК мамлекеттик каттоодон өткөндүгү боюнча күбөлүк алгандан кийин, аймактык салык органдарына, социалдык фондко, шаардык статистика комитетине каттоого тургузуу керек. Бул үчүн, тиешелүү документтердин көчүрмөсүн жасалып, тиешелүү органдарга тапшыралат: жыйын (же чечим) протоколу, мамлекеттик каттоо күбөлүгү, устав жана ЖЧКнын башкаруу органдарынын, уюштуруучуларынын жана мүчөлөрүнүн паспорттору.

Жогорудагы беш кадамдан өткөндөн кийин, соода-сатык ишин алып баруу – мыйзамдуу болуп калат (кээ бир уюмдардын ишмердүүлүгүнө лизенция алыш керек). Уюмдун банктык эсептерин ачуу, келишим түзүп, сынактарга/тендерлерге катышууга мүмкүнчүлүк алынат.  Бирок, баары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбөөгө тийиш.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт