Баланы телефондон кантип алаксытсам болот? Психолог кеңеш берет
Үйгө барсам эле балдарым телефон сурап, кечке ошону тиктешет. Башка нерсеге алаксытуу кыйын. Китеп окуп берүү, сыртка сейилдөө анчейин эффективдүү эмес экен.
„Psihoanaliz.kg“ психотерапия борборунун адиси, психотерапевт
Балдар үчүн баарлашуу, сүйлөшүү, пикир алышуу абдан маанилүү. Чоңдордун колу бошобой жатканда, телефон бул боштукту ийгиликтүү толтуруп жатат.
Тилекке каршы, телефонду такыр бербей коюуга мүмкүн эмес. Ошондуктан чектөө койгон эң туура чечим. Күнүнө 1 саат жетиштүү.
Чечкиндүү болуңуз. Балаңыга чектөө койдуңузбу, демек өзүңүз да ошол шартка көнүп, өзүнүз чыгарган эрежени сактаңыз. Сага болбойт, деп өзү телефон чукулап отурган ата-эне сый урматтан калат.
Кунүнө бала менен жок дегенде 30 мүнөттөн кем эмес сүйлөшкүлө. Баланын айтып берген окуяларын кызыгуу менен уккула. Түстүү карточкалардын жардамы менен жаңы сөздөрдү үйрөнгүлө, бирге сүрөт тарткыла, кубиктерди тизгиле, конструктор чогулткула, шахмат, шашки ойногонду үйрөткүлө.
Телефондон баш тартуу оңой эмес, бирок мүмкүн. Балаңызга көбүрөөк көңүл бөлүңүз. Чыныгы оюн, телефондогу виртуалдуу оюндардан кыйла кызыктуу экенин далилдегиле.
Psihoanaliz.kg борбору Bilesinbi.kg’нин окурмандарына 20% арзандатуу берет. Психологго кайрылгыңыз келсе 0702 32 22 22 телефону аркылуу консультацияга жазылсаңыз болот.