// //

Жыныс мүчөм кичинекей деп кайрылган эркектер көп. Уролог айтып берет

2019.05.09, 14:22
3725

Bilesinbi.kg редакцияга эң көп келген суроону урологго берип жооп алды.

 Азат Бейшенов

Medcenter.kgмедицина борборунун адиси, уролог

Бизге жыныс мүчөм кичинекей, деп кайрылган эркектер көп. Бирок бул жөн гана ойдон чыгарылган көйгөй, комплекс. Кайрылган мырзалардын көбүнүкү кадимки эле көлөмдө болот. Албетте, чынында жыныс мүчөсү кичинекей, 3-4см болгондор да бар. Бирок, андайлар чанда гана кездешет. Кичинекей болгону менен өзүнүн табигый функциясын аткара берет. Башкача айтканда:

  • жыныстык катнашка бара алат;
  • балалуу боло алат;
  • заара кылат.

Порнографиляк кино

Айрымдар порнографиялык кинолорду көрүп алып, ал жакта көрсөтүлгөн жыныстык мүчөлөрдүн көлөмүн норма катары кабыл алышат. Кинодо бардык нерсе, көркөмдөлүп, апыртылып, чындыктан алыс болуп көрсөтүлөт. Ошондой эле кимдир бирөө, балким кичинекей кезинде жыныс мүчөсүн кичинекей деп койгон. Же биринчи жолу жыныстык катнашка барганда өнөктөшү шылдыңдаган. Бул сын пикир өмүр бою мээсинде калып калат.  

Крем, гель жана башка укмуштуудай дарылар

Интернетте жыныс мүчөнү чоңойтууну убада кылган жарнамалар көп.   Түрдүү кремдер, гелдер, укол жана дары дармектер укмуштуудай көлөмдү убада кылышат. Андай жарнамаларга ишенсе болобу? Менин жообум жөнөкөй – жок, болбойт. Бүгүнкү күнгө чейин андай препарат чыга элек.  Аны менен колдонуп, чоңойтуп алган бейтапты бир да жолу көргөн эмесмин. Жарнама кылгандардын максаты, өзүнүн продукциясын сатуу. Эгер ал кандайдыр бир реалдуу жыйынтыкка алып келе турган болсо, мырзалардын баары эбак эле бул көйгөйүн чечип алмак.

Жарнамаланган гель жана кремдер болгону жыныс мүчөдөгү кан басымын жогорулатат. Бул кадимки эрекция учурунда да болот. Ошону менен мүчөңүздү чоңойтуп берген болуп калышат. Бирок бул убактылуу гана эффект. Анын үстүнө ден соолукка зыян да болушу мүмкүн.

Жыныс мүчөнү чоңойтууну коюп, эрекцияны узартып ал

Жыныс мүчөнүн чоң кичинеси көйгөй эмес, эрекциянын тез бүтүп калышы, мына бул чындап дарыланууну талап кылган маселе. Эрекцияны узартуу үчүн эркектер алгач өздөрүнүн жашоо образына, тамактануусуна, ашыкча салмакка, жана зыян келтирүүчү адаттарына көңүл бөлүшү керек. Спорт менен машыгып, тамеки чегүү, ичимдик ичүүнү токтотору менен ден соолук жакшырат. Аны менен сексуалдык функция да өз калыбына келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
17.05.2019, 04:51

Кантип  эрекцияны узартса  болот? Кайсы  урологко  кайрылса  болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт