Күйөөмдүн көңүлдөшүн сабап салдым. Эми соттолуп кетемби?
Саламатсызбы! Менин күйөөм менен бир кыз ойнош эле. Ал кыздын иштеген жерин таап барып, сабап салдым. Көрсө жумушунда видеокамера бар экен. Эми арызданып сотко бергени жатыптыр. Ошондо кимдин укугу корголот? Күйөөм менен ажыраштым, 2 айлык балам бар.
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, кылган ишиңизди жөнөкөй адам катары туура түшүнүп турам.
Бирок, ошол эле учурда маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолу бар эле.
Өзүңүз айткандай, кызды сабапсыз жана бул аракетиңиз видеокамерага түшүп калыптыр. Демек, сиз ага карата күч колдонгонуңуздун далили бар экен. Эгерде, ал кыз милицияга арыз менен кайрылса, сизге карата мыйзам чегинде чара көрүлүшү мүмкүн.
"Кимдин укугу корголот, менин 2 айлык балам бар” деген сурооңузга токтолсок. Өзүңүз айтыңызчы, бирөөнү сабасаңыз, кимдин укугу корголуш керек? Сиздинби же сабалган кыздынбы?
Негизи, иштин башында укугуңузду мыйзам чегинде коргоого мүмкүнчүлүгүңүз бар болчу. Бирок, сиз өз билемдик менен кызга кол көтөрдүңүз. Эми бул кылганыңыз үчүн жооп берип калышыңыз ыктымал.Мындай аракет жасоодон баруудан мурун терең ойлонсоңуз жакшы болмок.
Баары жакшы болот деп үмүттөнөм. Мүмкүн маселени өз алдынча сүйлөшүп, чечип аласыңар.