Сөйкө салган жигити таштап кеткен кыздын баяны
Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
Салтанат (аты өзгөртүлдү) студент, шаардагы окуу жайлардын биринде окуйт. Эки жыл мурун куру ушактардын айынан сөйкө салган жигити таштап кеткен.
"8-классымда өзүмдүн айылымдагы бир бала менен сүйлөшүп баштадым. 2 жыл өткөндөн кийин ата-энеси сөйкө салып келишти. Көп өтпөй мен жөнүндө айылда "башка бала менен сүйлөшөт, тиет экен" деген болбогон бир ушактар тарады. Бул сөздөр жигитимдин туугандарына да жетиптир. Мен канча айтып ыйлаганым менен ал мага ишенген жок. Экөөбүз сүйлөшпөй калдык."
Бул аралыкта Салтанат окуусун бүтүп, университетке тапшырат. Өткөндү унуталбай кыйналат. Экинчи курс болгондо баягы жигити байланышка чыгат.
"Жигитим кайра чалып баштады. Бирок, "сен ушундай кылгансың, сен минткенсиң" деген сөздөрү калган жок. Ушул убакка чейин ар бир айткан сөзү ыйлатат. Анан бир жума мурун “мен сени жакшы көргөнүм үчүн эмес, сыйлаганым үчүн сүйлөшүп жатам. Үйлөнсөм да, сыйлаганым үчүн үйлөнөм”,- деди. Эмне кылаарымды билбей калдым. Үй-бүлө болсок, бул жагдай улана берчүдөй сезилип жатат."
Тилекке каршы, Салтанат убагында ата-энесинин кой дегенине болбой сөйкө салдырган. Ошондон улам, учурда кыйналып жүргөнүн аларга айта албайт.
"Азыркы абалымды ата-энеме да айта албайм. Алар сураса баары жакшы деп коём. Анткени, ал жигитти мен өзүм тандагам, апамдар каршы чыкканына болбой сөйкө салдыргам. Эми аларга эч нерсе дей албайм. Муну менден башка эч ким билбейт. Ичимден сызып улам ыйлап алам. Аябай кыйналып кеттим. Кимге эмне деп айтаарымды да билбей калдым. Менин мынчалык кыйналганымдан апамдар кабардар эмес."
Тамара Воронцова, психолог
Жалган жалаа көптөгөн тагдырларды бузган өтө жагымсыз көрүнүш. Сиздин мамилеге тоскоол болууну каалагандар - атаандашыңыз, курбуларыңыз же болбосо жигитиңиздин тууган-туушкандары болушу мүмкүн. Мындайча айтканда, себептери көп.
Бирок, баарынан маанилүүсү - бул абалда жигит өзүн кандай көрсөттү. Ал сизден башка баарына ишенди. Кантип анан сизге ишенбеген, сүйбөгөнүн ачык айткан адам менен жашооңузду байлагыңыз келет. Ага жолобой качыңыз, сүйлөшпөңүз. Ал сизге бир жолу чыккынчылык кылды, андан кийин дагы сата берет.
Эгерде ал адам менен баш кошууну чечсеңиз, бактысыз турмушуңузду элестетип жатам. Айта кетүүчү нерсе, бул окуяны кудайдын берген кеңеши, бактысыз тагдырдан сактап калган аракети катары кабыл алыңыз. Сөзсүз түрдө, сизди сыйлаган, сүйгөн адамга жолугасыз. Күнөөсү жок жерден айыпталган адам эмес, бактылуу, кубанычтуу болосуз.
Ал жигит менен мамилени үзүп, жаныңыздагы энергетикалык орунду бошотуңуз. Чыккынчы адамдын айынан кайгырганыңызды токтотсоңуз. Өзүңүз үчүн шайыр, бактылуу болуңуз. Жашооңуз сөзсүз түрдө өзгөрүлөт!
Андай адам жашоодо башына кыцынчылык тушкондода таштар кетет. Ал сени суйсо ушак кептерге ишенмек эмес сага жана сенин созуно ишенмек.Андай адам менен байланышыны уз.
Сөйкөсүн берип сал ,ал салт деп эле корко бербе,аны менен байланышты үз!
Тийбей эле кой калбайт антип айтканы . Мен 4 жыл суйлошкон жигитим досторум мн ойногону кетип калганымды айта берип берип ошонун айынан суйлошпой калганбыз.
Келечегин алдыда экен. Бактылуу болгун келсе: Андай адамга тагдырынды байлабай окуу,осуп-онук. Кийин бул адамга турмушка чыкпаганына аябай суйуносун. Туура кылыптырмын дейсин. Эгер чыксан куйон эле эмес кайын журтун да , кулак-мээнди кундо жеп,откондорунду эстетет.