Бетке чыккан түктү лазер менен тазалатсам зыян эмеспи?
2019.05.03, 10:28
989
Саламатсызбы, бетке чыккан түктү лазер менен тазалатсам зыян эмеспи? Ден соолукка терс таасири тийбейби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.05.2019, 10:29
Нурайым Мурзалиева
Косметолог
Саламатсызбы, урматту окурман. Лазер баары бир денени күйгүзүү экенин унутпаңыз. Ошондуктан бул процедуранын бир нече каршы көрсөтмөлөрү бар. Алар:
- 18 жашка чейинки курак;
- денедеги жаралар, безеткилер;
- дененин тотугуусу (загар), ж.б.
Кененирээк эпиляция чебери өзү айтып берет.
Ошондой эле эпиляция бир айда бир жолу эле жасалат. Процедурага чейин эки жума жана андан кийин эки жума күнгө чыгууга болбойт. Себеби бетиңизге тактар түшүп калышы мүмкүн.
Жакшы жагы лазердик эпиляциядан кийин кылдардын фолликуласы күйүп, 4-6 жылга чейин өспөй калат.
0
Пайдалуу жооп