// //

Ишкер айым бий өнөрү аркылуу кантип байыганын айтып берет

2019.05.02, 14:28
1330

Жакшы көргөн жумушун бизнеске айлантып пайда таап келаткан жеке ишкер Тазагүл Шакированы кепке тартып, ийгилик сырын сурадык. 

Ар кайсы кесиптин ээлери бир жерге

чогулганбыз

Менин үй-бүлөм чоң жана чыгармачыл. Үйүбүздүн негизги урааны: “Эмгектенүү, окуу жана алдыга умтулуу!”. Күйөөм музыкант, өзүм акушер-гинекологмун, улуу балам менен кызым студенттер, кичүүсү – окуучу.

18 жыл мурун балдардын бий кийимин тиккен аталье ачууну чечкенбиз. Идеяны жашоо өзү берди – ал убакта жолдошум менен кызым бий ансамблине катышчу. Ошентип ишибизди баштадык. Тиккен костюмдарыбыз баарына жакты: баасы жеткиликтүү, сапаты мыкты. Акырындап бул багытта өсүп-өнүгүү керек болду. Өзүбүздүн каражатыбыз жетишсиз болгондуктан, насыя алууну чечтик.

18 адамды иш менен камсыз кылдык

Бүгүнкү күндө кийим тиккен бизнесибиз жана дүкөнүбүз бар. Тигүү цехибизде 18 кызматкерибиз иштейт. Бул менен токтоп калган жокпуз, “Айыл Банк” менен жаңы долбоорлорду иштеп чыгууну улантып жатабыз. Жакында эле Банктан муктаждыктарыбызга деп 8-жолу насыя алдык.

«Айыл Банк» – калк үчүн иштеген банк!  

Айыл-чарба жана мал чарбачылык менен алектенген туугандарыма ар дайым “Айыл Банкты” сунуштайм. Себеби ал абдан ылайыктуу жана карапайым элдин кызыкчылыгын эске алат, дайыма колдоп жана кеңеш берип келет.

Эң маанилүүсү - убакыт менен акчаны туура пайдалануу. Анан албетте, өз ишиңди жакшы көрүү! Ар бирөөбүздүн бийиктикке жетүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Болгону ал мүмкүнчүлүктү кармап, колдонуу керек."

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт