Көкүрөгүмдөн жагымсыз жыт чыгат. Эмне себептен болушу мүмкүн?
Саламатсызбы. Көкүрөгүмдөн жагымсыз жыт чыгат. Жуунгандан кийин бир-эки саатта кайра пайда болот. Кантип арылам?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Сизге бере турган көп суроолорум бар. Канча жаштасыз? Балдарыңыз барбы? Качантан бери ушундай болуп жатат. Эмнеден кийин пайда болгонун байкадыңыз? Балким, учурда бала эмизесиз. Анан сиз айтып жаткан жыт сүттүн жыты болушу мүмкүн.
Эгер азыркы тапта эмизбесеңиз анда мындай көрүнүшкө бир нече фактор себепкер болушу мүмкүн. Гормондук бузулуу, же кандайдыр бир тери оорусу. Андай болсо дерматолгго кайрылышыңыз керек. Кыскасы, комплекстүү түрдө текшерүүдөн өтүү керек. Ошондуктан сиз жазгандардын негизинде диагноз коюп, кандайдыр бир кеңеш бере албайм. Кааласаңыз, мага келип көрүнүп кетиңиз.