// //

Кудагыйлар чатакташып, тойду токтоткону жатышат. Студент кыздын окуясы

2019.04.29, 14:41
4937

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында жигити экөөнүн апасы чатакташып жатканы баяндалат.

Саламатсызбы! 18 жаштамын, шаардын алдыңкы окуу жайларынын биринде окуйм. Жакында эле, жигитим экөөбүз баш кошууга ата-энелерибиздин ыраазычылыгын алганбыз.

Андан кийин эле, апаларыбыздын ортосунда түшүнбөстүктөр пайда болуп, “тойду токтоткула”,- деп жатышат. Жигитим, “үйлөнөбүз”, - деп өзүнүкүн бербейт.

Апамдын сөзүн жерге таштай албайм, жигитимди да сүйөм. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңизчи.

Ильдар Акбутин, психолог

Урматтуу окурман, паспортуңуз бар болсо - жашоосу жөнүндө өз алдынча чечим чыгара алат дегенди билдирет.

Албетте, үй-бүлөлүк жашооңор ушундай окуялар менен башталып жатканы өтө жакшы эмес. Мүмкүн, ызы-чуу бир аз басылганча, үйлөнүү тоюн кечиктирип туруу керек.

Ата-энеңер  элдеше турган болбосо, тагдырыңар кандай болоорун жигитиң экөөң гана чечесиңер. Эгер алар силерди сүйсө, анда ортолорундагы чыр-чатакка карабастан, экөөң тарапта болот.

Адатта, жакшы көргөн ата-энелер, карама-каршы тарапка кандайдыр бир таасир берүү үчүн, нике жана силер менен манипуляция кылбайт.

Сиздин ата-энеңиз (18 жашта экениңизге карабастан) жеке жашооңузга кирип, аны башкарып эмес, сунушун айтып же кеңешин гана бериши мүмкүн. 

Ата -энеңер жеке пикириңер менен сезимдериңерди четке какса, алардын эмне деп айтканы маанилүүбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
30.04.2019, 18:38

Ата ене ыраазы болмоюн бала бактылуу боло албайт унутпагыла!

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
02.05.2019, 19:42

Ата эне дагы булар адамдар.адам эч качан ыраазы болбойт бул дуйнодо.Ошон учун бироону ыраазы кылфш учун эмес бул жашоода ар бир дем алган кунун учун кудайга ыраазычылык билдируу менен бактылуу жашоого умтулуу деп ойлойм.Ал эми ата эне оз баласын бактысы учун баардык нерсеге ыраазычылык менен батасын берет болуш керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт