// //

Абитуриенттер үчүн конкурс. Баш байге - AlmaU ’да акысыз окуу

2019.04.29, 11:06
2111

AlmaU - Казакстандагы 1-бизнес окуу жайы, КМШдагы бизнес-билим берүү пионери.

Алматы Менеджмент Университети - эл аралык Eduniversal (Франция) агенттигинин рейтингде Борбордук жана Түштүк Азия боюнча мыкты бизнес-мектептердин арасынан ТОП-3кө кирет.

AlmaU ’нун эсебинде –  казакстандык алгачкы ишкерлер, биринчи MBA жана DBA программалары, мыкты мугалимдер жана суроо-талап жараткан бүтүрүүчүлөр бар.

Кайсы адистикке грант утуп алышым мүмкүн?

  • Менеджмент
  • HR менеджмент
  • Каржы
  • Маркетинг
  • Бухгалтердик эсеп жана аудит
  • Бизнес-аналитика жана экономика
  • Логистика
  • Юриспруденция
  • Аймак таануу (регионоведение)
  • Улуттук жана эл аралык саясат
  • Урбанистика и сити-менеджмент
  • Коом менен байланыш
  • Ресторан бизнеси жана мейманкана бизнеси
  • Туризм жана Events менеджмент
  • Маалымат системалары
  • Бизнес аналитика жана Big Data
  • Программалык инженерия
  • Бизнес башкаруу

Кантип грант алса болот?

Конкурстун биринчи этабы (2019-жылдын, 15-июнуна чейин) - postupay.beeline.kg сайтына электрондук түрдө катталуу, портфолио тапшыруу:

  1. Паспорту;
  2. Аттестат/колледжди бүтүргөндүгү тууралуу диплом/баалар табели/ академиялык транскрипт;
  3. Конкурстук иш: англис же орус тилинде #ПоступайКакЯ темасында катышуучунун видеоролиги же посту (сүрөт + текст). Өзү же кылган иши жөнүндө айтып берүү (аябай сыймыктанган).

Катышуучулар жасашы керек:

  1. #ПоступайКакЯ конкурсуна катышып жаткандыгы жөнүндө видеоролик тартуу же пост жазуу.
  2. Видео же постту Instagram/Facebookка #ПоступайКакЯ, #конкурс_beelinekg хэштеги менен жайгаштыруу.
  3. Уюштуруучулардын расмий аккаунттарын белгилөө @beeline_kyrgyzstan, @almau_edu.

Конкурстун экинчи этабы (2019-жылдын, 15-30-июну) - оnline добуш берүү.

Биринчи этаптын шартын толук аткаргандан кийин, биз арыздарды модерациялап, катышуучунун профилин жалпы элдик добушка жарыялайбыз. Көп добуш алган 150 адам финалга өтөт.

Конкурстун үчүнчү этабы (2019-жылдын, 5-июлуна чейин) - конкурстун экинчи этабына өткөн катышуучулар ЖРТ жыйынтыктарын көрсөтөт.

Конкурстун төртүнчү этабы (2019-жылдын, 13-июлуна чейин) - конкурстук комиссия 50 жеңүүчүнү тандайт, сыйлык тапшыруу аземи өтөт.

Поступай Как Я - бул жөн гана сынак же университетке тапшыруу эмес. Биз балдарды жакшылык кылууга, жашоосунда аң-сезимдүү чечим чыгарууга, өзүнүн чакан жеңиши же жетишкендиктери тууралуу айтуудан коркпоого шыктандырабыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт