Абитуриенттер үчүн конкурс. Баш байге - AlmaU ’да акысыз окуу
AlmaU - Казакстандагы 1-бизнес окуу жайы, КМШдагы бизнес-билим берүү пионери.
Алматы Менеджмент Университети - эл аралык Eduniversal (Франция) агенттигинин рейтингде Борбордук жана Түштүк Азия боюнча мыкты бизнес-мектептердин арасынан ТОП-3кө кирет.
AlmaU ’нун эсебинде – казакстандык алгачкы ишкерлер, биринчи MBA жана DBA программалары, мыкты мугалимдер жана суроо-талап жараткан бүтүрүүчүлөр бар.
Кайсы адистикке грант утуп алышым мүмкүн?
- Менеджмент
- HR менеджмент
- Каржы
- Маркетинг
- Бухгалтердик эсеп жана аудит
- Бизнес-аналитика жана экономика
- Логистика
- Юриспруденция
- Аймак таануу (регионоведение)
- Улуттук жана эл аралык саясат
- Урбанистика и сити-менеджмент
- Коом менен байланыш
- Ресторан бизнеси жана мейманкана бизнеси
- Туризм жана Events менеджмент
- Маалымат системалары
- Бизнес аналитика жана Big Data
- Программалык инженерия
- Бизнес башкаруу
Кантип грант алса болот?
Конкурстун биринчи этабы (2019-жылдын, 15-июнуна чейин) - postupay.beeline.kg сайтына электрондук түрдө катталуу, портфолио тапшыруу:
- Паспорту;
- Аттестат/колледжди бүтүргөндүгү тууралуу диплом/баалар табели/ академиялык транскрипт;
- Конкурстук иш: англис же орус тилинде #ПоступайКакЯ темасында катышуучунун видеоролиги же посту (сүрөт + текст). Өзү же кылган иши жөнүндө айтып берүү (аябай сыймыктанган).
Катышуучулар жасашы керек:
- #ПоступайКакЯ конкурсуна катышып жаткандыгы жөнүндө видеоролик тартуу же пост жазуу.
- Видео же постту Instagram/Facebook’ка #ПоступайКакЯ, #конкурс_beelinekg хэштеги менен жайгаштыруу.
- Уюштуруучулардын расмий аккаунттарын белгилөө @beeline_kyrgyzstan, @almau_edu.
Конкурстун экинчи этабы (2019-жылдын, 15-30-июну) - оnline добуш берүү.
Биринчи этаптын шартын толук аткаргандан кийин, биз арыздарды модерациялап, катышуучунун профилин жалпы элдик добушка жарыялайбыз. Көп добуш алган 150 адам финалга өтөт.
Конкурстун үчүнчү этабы (2019-жылдын, 5-июлуна чейин) - конкурстун экинчи этабына өткөн катышуучулар ЖРТ жыйынтыктарын көрсөтөт.
Конкурстун төртүнчү этабы (2019-жылдын, 13-июлуна чейин) - конкурстук комиссия 50 жеңүүчүнү тандайт, сыйлык тапшыруу аземи өтөт.
Поступай Как Я - бул жөн гана сынак же университетке тапшыруу эмес. Биз балдарды жакшылык кылууга, жашоосунда аң-сезимдүү чечим чыгарууга, өзүнүн чакан жеңиши же жетишкендиктери тууралуу айтуудан коркпоого шыктандырабыз.