Дыйканга кеңеш: түшүм жыйнагандан кийин топуракты тазалоо
«Компаньон Банкы» ЖАК түштүк аймак боюнча демилгелерди өнүктүрүү регионалдык менеджери Сайдулла Бектемиров түшүм жыйнагандан кийин топуракты кантип тазалоо экенин айтып берди.
Түшүм жыйнагандан кийин, болочоктогу түшүм сапаттуу болушу үчүн топуракка кам көрүп, убагында тазалоо зарыл.
Негизинен жерди айдоо керек, ал эми короо-жайдагы жана дачадагы участокту казуу сунушталат.
Жакшылап иштетилген топуракта жылуулукту, суу жана аба режимин сактаган жагымдуу шарттар түзүлөт, азыктандыруучу заттарга болгон жеткиликтүүлүк жогорулайт.
Талаадагы жана бактагы участоктордон ири отоо чөптөр, кургап калган мөмөлөр жана башка таштандылар алынат. Бул нерсени тез арада жасоо керек, болбосо чирип кеткен мөмөлөрдө бактериялар пайда болуп, убара кылат.
Күзүндө топуракты чөптөрдүн тамырларынан ажыратып тазаласа, суукта личинкалар жана отоо чөптөрдүн уруктары өлөт. Жыйынтыгында, өсүмдүктөрдүн оорулар жана зыянкечтер менен жабыркоо риски төмөндөйт.
Топуракты күзүндө түшүм жыйнагандан кийин дароо тазалоо керек, суук түшкөнгө чейин. Тазалоонун негизи - 30-35 см тереңдикте жерди айдоо. Бакча участогун биринчи жалбырактар, өсүмдүк калдыктарынан тырмоок менен тазалап алуу зарыл.
Жүгөрү паясы, ботва жана башка ушул сыяктуу кээ бир өсүмдүктөрдүн катуу жана күчтүү калдыктары калып калса, топуракты кошумча майдалоо жүргүзүлөт - диск соко менен 4-5 смдан 10-12 см тереңдикте. Топурак канчалык кургак болсо, тазалоо ошончолук терең болот.
Айдоодон мурун, органикалык жер семирткичтер менен минералдык жер семирткичтердин комплексин киргизүү сунуш кылынат.