Сетевой маркетинг адалбы же арамбы?
Саламатсызбы? Менде бир суроо бар эле. Элди жакырчылыктан чыгаруу деп жатышкан сетевой маркетинг адалбы же арамбы?
Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы
Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын 7-протоколдук жыйынынын чечиминин негизинде тармактык маркетинг (сетевой маркетинг) боюнча атайын фатва чыккан.
Ага ылайык тармактык маркетингдин бардык түрлөрүнө (линейный, ступенчатый, матричный, бинарный, смешанный ж.б.) төмөндөгү шариаттык эрежелерге дал келбестиктерден улам тыюу салынат (арам):
1. Гарар – белгисиздик, тобокел коркунучу. Эң оболу акча салымын кошкон тармактык маркетингдин кызматкери иш акысын алууга керектүү кардарларды чогултаарын болжолдой албайт жана бериле турган акысы да канча болоорун билбейт жана ал акынын деги эле болоору да эч белгисиз.
2. Келишимде сүткорлуктун (рибанын) болуусу. Сатуунун бул түрүндө сүткорлуктун эки түрү орун алган: акчага акча мөөнөтүн узартуу жана үстүнө кошуп берүү.
3. Товарды жүгүртүү кыймылынын жоктугу. Анткени, тармактык маркетингдин негизги максаты жаңы кардарларды/дистрибьюторлорду тартуу, алардын эсебинен биринчи дистирбьюторлорго кирешелерди төлөп берүү.
4. Бир келишимде эки келишимдин болуусу.
5. Жаңы кызматкерлерди тартуу үчүн жана ошондой эле жаңы кызматкерлердин кийинки кызматкерлерди тартуулары үчүн акы (комиссионный) алуу.
6. Маани-маңызы мүчөлүк акы (взнос) болуп эсептелген жогорулатылган баа.
7. Кээ бир компаниялар, албетте баары эмес, жарыядагы сапатына ылайык келбеген товарларды сунуш кылышат.
8. Көп учурда пирамидалык түрдөгү тармактык маркетинг компанияларында сый акыларын кепилдеген сатуунун белгилүү көлөмүн бекитишет. Бекитилген натыйжага жетишпей калуу, кээде кызматташууну токтотууга себепкер болуп калат. Шариятта жумуштун мындай түрү кызматкердин укугуна кысым көрсөтүү болуп эсептелет.
9. Кээ бир компаниялар сыйлык алуу үчүн катышуучулардын минималдуу санын тартууну шарт кылышат. Эгерде кызматкер шарт кылынган сандагы катышуучуларды тартып келе албай калса, анда ал эч нерсе албай калат. Аалымдардын пикиринде, төлөп берүүнүн мындай схемасы шарияттын эрежелерине карама-каршы келет.
Толугу менен бул жерден окусаңыз болот.