// //

Акчаны кайсы валютада сактоо керек? Адис айтып берет

2019.04.23, 17:05
2314

Акчаны кайсы валютада сактоо керек? Ошондой эле, акчаны сактап гана эмес, көбөйтсө да болобу? деген суроолорго «Компаньон Банкы» ЖАК казына бөлүмүнүн башчысы Жуман Джусупов жооп берет. 

Чыгашаларды кайсы валютада жүргүзүүнү пландасаңыз, акчаны ошол валютада сактаган жакшы, башкача айтканда, кирешеңиз менен чыгашаңыз сом менен болсо, анда сом менен сактаганыңыз оң.

Кыргыз сому

Артыкчылыктары

  1. Айлыгыңызды сом менен алсаңыз жана топтогон акчаңызды да сом менен иштете турган болсоңуз, анда акчаны улуттук валютада топтосоңуз, акча алмаштырууда жоготууларга дуушар болбойсуз.
  2. Банктык аманаттардын сомдогу кирешеси чет өлкөлүк валютага караганда жогору.

Кемчиликтери

Улуттук валюта (сом) акча термелүүлөрүнө дуушар болот. Мисалы, акыркы 10 жыл аралыгында АКШ долларына карата сомдун алмашуу курсу 43.50дөн 69.85ге чейин өзгөргөн. Курс боюнча жоготуунун бир бөлүгү банктык аманат тарабынан  компенсацияланышы мүмкүн (2018-жылдын декабрь айынын аягына карата орточо чен болжол менен 10%ды түзгөн).

Доллар

Артыкчылыктары

  1. Доллар дүйнөдөгү кеңири колдонулган валюталардын бири, бир катар борбордук банктардын негизги резервдик валютасы. Булардын баары доллардын курсунун туруктуулугунун көрсөтүп турат.
  2. Долларга инфляциянын таасири көп тие бербейт жана анын баасы кыска мөөнөттүү тенденциялардан көз каранды эмес.

Кемчиликтери

  1. Курстагы айырмачылыктарга байланыштуу, сомду долларга (же тескерисинче) алмаштырганда акча жоготууларга дуушар болушу мүмкүн.
  2. Доллар дүйнөдөгү көп жасалмаланган акча болуп саналат, ошондуктан жаздыгыңыздын астында сактап жүргөн долларыңыз, кадимки кагаз болуп калышы ыктымал.
  3. Аманаттар боюнча пайыздык чени төмөн - 12 ай салымга жылына 2-4% (2019-жылдын апрелине карата).

Ошондой эле, топтогон акчаңыздын бир бөлүгүн алтын менен сактоону сунуш кылам (мисалы, Улуттук Банктын алтын куймалары же коммерциялык банктардан ачылган металл эсептеринде).

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт