Акчаны кайсы валютада сактоо керек? Адис айтып берет
Акчаны кайсы валютада сактоо керек? Ошондой эле, акчаны сактап гана эмес, көбөйтсө да болобу? деген суроолорго «Компаньон Банкы» ЖАК казына бөлүмүнүн башчысы Жуман Джусупов жооп берет.
Чыгашаларды кайсы валютада жүргүзүүнү пландасаңыз, акчаны ошол валютада сактаган жакшы, башкача айтканда, кирешеңиз менен чыгашаңыз сом менен болсо, анда сом менен сактаганыңыз оң.
Кыргыз сому
Артыкчылыктары
- Айлыгыңызды сом менен алсаңыз жана топтогон акчаңызды да сом менен иштете турган болсоңуз, анда акчаны улуттук валютада топтосоңуз, акча алмаштырууда жоготууларга дуушар болбойсуз.
- Банктык аманаттардын сомдогу кирешеси чет өлкөлүк валютага караганда жогору.
Кемчиликтери
Улуттук валюта (сом) акча термелүүлөрүнө дуушар болот. Мисалы, акыркы 10 жыл аралыгында АКШ долларына карата сомдун алмашуу курсу 43.50дөн 69.85ге чейин өзгөргөн. Курс боюнча жоготуунун бир бөлүгү банктык аманат тарабынан компенсацияланышы мүмкүн (2018-жылдын декабрь айынын аягына карата орточо чен болжол менен 10%ды түзгөн).
Доллар
Артыкчылыктары
- Доллар дүйнөдөгү кеңири колдонулган валюталардын бири, бир катар борбордук банктардын негизги резервдик валютасы. Булардын баары доллардын курсунун туруктуулугунун көрсөтүп турат.
- Долларга инфляциянын таасири көп тие бербейт жана анын баасы кыска мөөнөттүү тенденциялардан көз каранды эмес.
Кемчиликтери
- Курстагы айырмачылыктарга байланыштуу, сомду долларга (же тескерисинче) алмаштырганда акча жоготууларга дуушар болушу мүмкүн.
- Доллар дүйнөдөгү көп жасалмаланган акча болуп саналат, ошондуктан жаздыгыңыздын астында сактап жүргөн долларыңыз, кадимки кагаз болуп калышы ыктымал.
- Аманаттар боюнча пайыздык чени төмөн - 12 ай салымга жылына 2-4% (2019-жылдын апрелине карата).
Ошондой эле, топтогон акчаңыздын бир бөлүгүн алтын менен сактоону сунуш кылам (мисалы, Улуттук Банктын алтын куймалары же коммерциялык банктардан ачылган металл эсептеринде).