// //

Буюм уурдоо кылмыш, кызды уурдоо салтпы?

2019.04.23, 13:19
2013

Bilesinbi.kg ПРООН даярдаган видеонун негизинде гендер боюнча материал даярдады.

Бейтаныш адам бирөөнүн буюмун алса бул уурулук болуп саналат жана кылмышкерге карата милицияга арыз жазышат. Бирок кыздарды ала качканда көпчүлүк аны, эмнегедир салт деп, жаңы, бактылуу жашоонун башталышын майрамдашат.

Ала качуу чындап эле салтпы?

Кызды ала качкан тарап: ала качуу илгертен келе жаткан салт дешет. Бирок, өткөн кылымдын башында, биздин жерди изилдеген окумуштуу-этнолог Федор Фиельструп, ала качуу кылмышка теңделип, коом тарабынан сындалып келгенин жазган. Кызды үйүнө кайра алып келүү уят эмес, айылдаштарынын милдети болгон. Ага өзү жактырган күйөнү тандап беришкен.

Бирок, азыр бардыгы өзгөрдү. Ала качылган кыздын ата-энеси кызды алып келүүгө ашыгышпайт. Тескерисинче, сүйлөшүп тойду талкуулашат. Айрым гана учурларда жакындары коомдун пикирине карабастан, кызды үйүнө алып-келишет.

Сиз Бурулайдын окуясын билесизби? Аны ала качып кетишкен. Кылмышкер милиция бөлүмүндө Бурулайды өлтүрүп салган. Бул трагедия аялдарга карата кылмыштын толук коркунучу бар экенин көрсөтүп турат.

Зомбулукка туш болгон, жардам сурап кайрылган аялдарга карата, бардык коопсуздук чаралар көрүлүп, алар башка кылмыштардын курмандыктары сыяктуу эле каралууга муктаж.

Ар бир бешинчи нике ала качуу аркылуу кыйылат

Кыргызстанда ар бир бешинчи нике ала качуу аркылуу болот экен. Кээде гана ала качуу кыздын макулдугу менен ишке ашат. Айыл жергесинде ала качуу, шаарга караганда эки эсе көп катталат.

2016-жылы кыздарды күчкө салып никеге тургузган 25 факты гана катталган. Көпчүлүк учурда кыздар ала качкан тараптын жана өзүнүн туугандарынын басмырлоосунан улам кылмышкерди сотко беришпейт.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2014-жылы 15 жашка чейинки күйөөгө берилген кыздардын саны 6000 ашык, 1609нун жашы 18 жашка чейинки келиндер экени аныкталган.

Көп аялдуулук  - аялдардын коомдогу ордун кенебестик

Мындай никелер эч жерде катталбайт. Бул Кыргызстандын дагы бир көйгөйүн: өлкөдө тыюу салынган көп аялдуулукту көрсөтүүдө. Эгер никеге тургандыгы боюнча документ жок болсо, анда көп аял алды деп күнөөлөгөн болбойт.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда 15 жаштан 49 жашка чейинки 100 аялдын ичинен бирөөсү гана полигамдык никеде турат. Ошондой эле көп аялдуулук айылга караганда шаарда көбүрөөк кездешет.

Психологдор белгилегендей, мындай никеде бардыгы тең бактысыз. Биринчи аялы, жолдошу аны сатып кеткенине нааразы болсо, экинчи аялы жалгыз сүйүктүү болбой калганына арман кылат. Балдары уялгандыктан үй-бүлөлүк сырларды жашырышат. Ал эми жолдошу кош милдеттерди аткарууга аргасыз.

Жыйынтыктоочу корутунду:

  • Өлкөдөгү ар бир бешинчи нике ала качуу менен ишке ашат.
  • Көбү милицияга кайрылышпайт, анткени ала качууну салт деп эсептешет.
  • Милиция да муну кылмыш катары көрбөйт.
  • Ала качуунун курмандыктары мамлекеттен, укук коргоо органдарынан ал тургай жакындары тарабынан да тийиштүү колдоо таба алышпайт.
  • Никелешүү мыйзамы сакталбагандыктан, жашы жете элек кыздарга улуу кишилер үйлөнүшөт.
  • Көп аялдуулук – аялдардын коомдогу ордун кенебестик болуп саналат.

 
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт