Азиздер үчүн пайдалуу тиркемелер
Бул ирээт Bilesinbi.kg атайын көзү азиздерге арналган синтезатор жана GPS навигациянын жардамы менен иштелип чыккан тиркемелердин тизмесин сунуштайт.
“Vocalizer” – тиркемеде 50 дөн ашык тил менен синтезатор камтылган. Колдонмо электрондук китептерди окуйт жана GPS-навигациясы бар. Электрондук китепти Vocalizer`дин жардамы угуу ыңгайлуу.
Тиркемени 4.0 Android версиясынан өйдө көчүрүп алууга ылайыкталган.
Атайын көзү азиздер үчүн “Blind-Droid Wallet" колдонмосу иштелип чыккан. Интернетсиз эле кагаз акчаларды айырмалайт. Акчаны телефондун камерасына жакын алып келсе, тиркеме канча акча экенин айгинелеп берет. Адашып калбоо үчүн акчанын эки бетин тең көрсөтүү шарт.
Тиркемени Play Market`тен көчүрүп алууга болот.
“TapTapSee” колдонмосу көзү азиздер жана чала көргөндөр үчүн иштелип чыккан. Күнүмдүк жашоодо колдонгон буюмдарды сүрөткө тартуу менен кайсы буюм экенин билип алууга болот. Үн идентификациясы TalkBack`тин күйүк турушун талап кылат.
Тиркемени App Store`дон көчүрүп алууга болот.